Кыргызстанда 2027-жылы IV КМШ оюндары өтөтКубанычбек Айбек уулу Азия оюндарында кураш боюнча коло медалга ээ болдуКыргызстан менен Гонконг кош салык салууну жоюуну көздөөдөБелгилүү диктор Тамара Жаманбаева дүйнөдөн кайттыКыргызстанда унаалардын терезелерин караңгылатууга жаңы акция өткөрүү сунушталууда — чоо-жайыЖайыттарды калыбына келтирүү үчүн себилүүчү уруктарга 50 млн сом бөлүндү
Жогорку Кеңешке январда бюджеттен 1 млн доллар сарпталган
17.02.2023 | 14:23
Январь айында Жогорку Кеңешти кармоого республикалык бюджеттин чыгашалары 85 млн 770 миң сомду түздү.
Чыгымдардын көбү адаттагыдай эле эмгек акы төлөөгө туура келген – 68 млн 211,4 миң сом. Дагы 8 миллион 693,4 миң сом Жогорку Кеңеш тарабынан Социалдык фондго чегерүү үчүн бөлүнгөн.
Мындан тышкары командировкаларга, байланыш кызматтарына, товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууга, калкка социалдык жардам көрсөтүүгө 8,9 миллион сом жумшалган.
Парламенттин чыгашасы көп болгонуна карабастан, январь айында декабрга салыштырмалуу бир топ жупуну болду. Анда Жогорку Кеңеш бюджетке 132 миллион 544,8 миң сом, же 1 миллион 557 миң доллар чыгым келтирген.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом