Япониялык компания бир нече ГЭСти жаңылоого даяр

Япониялык компания бир нече ГЭСти жаңылоого даяр

Бүгүн, 17-февралда Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Жамиля Исаева Мацунага Шоко баштаган «Йокогава Электрик» корпорациясынын өкүлдөрүн кабыл алды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууга Япония менен кызматташтык боюнча депутаттык достук тобунун жетекчиси Талайбек Масабиров, депутат Карим Ханджеза жана Кыргызстандын Япониядагы элчиси Эркинбек Осоев катышты.

Баарлашуунун жүрүшүндө Жамиля Исаева Япония менен алакаларды арттыруу Кыргызстандын тышкы саясатында артыкчылыктуу багыттардын бири экенин белгилеген.

«Калыптанган достук байланыштарды мындан ары да чыңдоо башкы максатыбыз. Айрыкча, биргелешкен аракеттерди улантып, анын ичинен энергетика тармагы боюнча керектүү долбоорлорду ишке ашыруу чоң мааниге ээ. Анткени биздин өлкө жаңы ГЭСтерди курууга, энергиянын кошумча булактарын иштеп чыгууга ылайыктуу», – деди ал.

Ошондой эле, Талайбек Масабиров Кыргызстан япониялык ишкерлер менен жигердүү иш алып барууга кызыкдар экендигин айтып, энергетика тармагына инвестиция салуу тууралуу демилгесин колдой турганын кошумчалаган.

Өз кезегинде Мацунага Шоко «Йокогава Электрик» корпорациясынын ишмердүүлүгү тууралуу кеңири маалымат берип, аталган компания Кыргызстандагы айрым ГЭСтерди сапаттуу түрдө жаңылап берүүгө даяр экендигин билдирди.

Ага ылайык, жолугушууда Күрп-Сай ГЭСин модернизациялоо маселеси талкууланды.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>