Келе жаткан аптада кандай иш-чаралар өтөт?
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги келе жаткан аптада өтө турган иш-чаралар тууралуу маалымат берди.
Министрликтик билдиргендей, 29-ноябрда Кыргыз эл акыны, Кыргыз ССРинин Эл артисти Муса Баетовдун 120 жылдыгы белгиленет. Мааракелик иш-чара Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармонияда саат 11:00до башталат.
***
4- декабрь “Манас күнүнө” карата 2-декабрда Кыргызстандын Эмгек сиңирген артисти, манасчы Рыспай Исаковдун Гиннестин сертификатын Улуттук тарых музейине тапшыруу аземи өтөт.
***
4-декабрь – “Манас күнүнө” карата 3-декабрда саат 14:00 дө Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканада манасчы Салимбай Турсунбаевдин “Чоң казат” жана замандаштарынын эскермелери менен манасчынын соңку жылдарда жазган ырлары камтылган “Санаты сансыз Салимбай” аттуу китебинин бет ачары өтөт.
***
3- декабрда Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармонияда Франчайзинг ( BIZ Franchise) форуму өтөт. Иш-чара саат 9:00 да башталып, 18:00 дө аяктайт. Форум Кыргызстанда бизнести өнүктүрүүнүн инструменттери жана технологияларын, франчайзерлердин жалпы каталарын кантип алдын алуу жана туура франчайзингди тандоо жөнүндө кеңири маалымат алышат.
***
“Манас күнүнө” карата саат 15:00 дө Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык театрында “Айкөлдүн аманаты” спектаклинин премьерасы болот.
Телеграм каналыбызга каттала кетиңиз