Келе жаткан аптада кандай иш-чаралар өтөт?

Келе жаткан аптада кандай иш-чаралар өтөт?

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги келе жаткан аптада өтө турган иш-чаралар тууралуу маалымат берди.

Министрликтик билдиргендей, 29-ноябрда Кыргыз эл акыны, Кыргыз ССРинин Эл артисти Муса Баетовдун 120 жылдыгы белгиленет. Мааракелик иш-чара Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармонияда саат 11:00до башталат.

***

4- декабрь «Манас күнүнө» карата 2-декабрда Кыргызстандын Эмгек сиңирген артисти, манасчы Рыспай Исаковдун Гиннестин сертификатын Улуттук тарых музейине тапшыруу аземи өтөт.

***

4-декабрь — «Манас күнүнө» карата 3-декабрда саат 14:00 дө Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканада манасчы Салимбай Турсунбаевдин «Чоң казат» жана замандаштарынын эскермелери менен манасчынын соңку жылдарда жазган ырлары камтылган «Санаты сансыз Салимбай» аттуу китебинин бет ачары өтөт.

***

3- декабрда Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармонияда Франчайзинг ( BIZ Franchise) форуму өтөт. Иш-чара саат 9:00 да башталып, 18:00 дө аяктайт. Форум Кыргызстанда бизнести өнүктүрүүнүн инструменттери жана технологияларын, франчайзерлердин жалпы каталарын кантип алдын алуу жана туура франчайзингди тандоо жөнүндө кеңири маалымат алышат.

***

«Манас күнүнө» карата саат 15:00 дө Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык театрында «Айкөлдүн аманаты» спектаклинин премьерасы болот.

Телеграм каналыбызга каттала кетиңиз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>