Видео: Бишкекте жол кырсыгында маршруттук унаа оодарылып кетти

Видео: Бишкекте жол кырсыгында маршруттук унаа оодарылып кетти

Бүгүн, 27-ноябрда Бишкекте Киев менен Панфилов көчөсүнүн кесилишинде кичи автобустун катышуусунда жол кырсыгы болду.

Жол кырсык болгон учур карама-каршы тилкеде келе жаткан унаадагы камерага түшүп калган. Анда көрүнгөндөй, батыш тарапты көздөй келе жаткан кичи автобусту аркасынан жеңил унаа сүзүп, ал оодарылып кеткен.

Милициянын кайгуул кызматынан билдиришкендей, жол кырсыгы болжол менен саат 14:00до болгон. Анда кичи автобус (Mercedes-Benz) менен Honda Accord унаасы сүзүшкөн. Анын айынан кичи автобустун ичинде келе жаткан төрт киши жабыркап, ооруканага жеткирилген.

Учурда эки унаа тең айып аянтчасына токтотулган.

Телеграм каналыбызга каттала кетиңиз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>