Сүлүктү шаарында «Белес Резорт» туристтик комплекси курулуудаМаданият күндөрүнөн Көчмөндөр оюндарына чейин: Кыргызстан менен Тажикстан гуманитардык байланыштарды чыңдоодоМыйзамсыз миграция уюштурууга шектелип чет өлкөлүк жаран кармалдыКыргызстандык дарыгерлер үчүн Францияда стажировкаларды уюштуруу каралуудаБишкекте агросектор үчүн заманбап түштүк кореялык технологиялардын туруктуу көргөзмөсү ачылдыБир катар диний ишмерлер мамлекеттик сыйлыктар менен сыйланышты
“Кешки Шымкент”: Атабековдун ыры казакча жаңырды (видео)
06.03.2023 | 17:20
Кыргызстандын таанымал ырчысы Мирбек Атабековдун “Кечки Бишкек” аттуу ыры казак тилинде жаңырды.
Ырды казак тилинде Жасулан Төлебай аттуу ырчы аткарып, ырдын атын “Кечки Шымкент” деп койгон. Ал өз аткаруусундагы ырын социалдык тармактагы баракчаларына чыгарган.
Эскерте кетсек, “Кечки Бишкек” Мирбек Атабековдун казак тилине которулуп, ырдалып жаткан биринчи ыры эмес. Маселен, анын “Ошондо жакшы болобу?”, “Суранам”, “Күндөр жаңырат”, “Мурас” жана башка ырлары казакчага которулган. Атабековдун ырларын аткарган таанымал казак ырчыларынын катарында Кайрат Нуртас, Айкын Төлепберген бар.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Коом, Турмуш образы