Г. Айтиев атындагы музей көргөзмө үчүн экспонаттарды кабыл алууда

Бишкек шаарындагы Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт искусство музейи «Күнүмдүк турмуштун натюрморту» аттуу көргөзмө долбооруна экспонаттарды кабыл алууну баштады. Бул тууралуу Маданият министрлиги билдирди.
Көргөзмө министрликтин «Музей жана коом» кампаниясынын алкагында үстүбүздөгү жылдын декабрь айында ачылып, 2027-жылдын январь айынын аягына чейин уланат.
Экспозицияга жыгачтан жана металлдан жасалган буюмдар, идиш-аяктар, дасторкон жасалгалары, шырдак, ала кийиз, туш кийиз, саймалар жана үй-бүлөлүк буюмдар кабыл алынат. Ошондой эле кыргыз, орус, өзбек, дунган, корей маданияттарына, ошондой эле советтик жана азыркы мезгилге таандык буюмдар каралат. Өзгөчө муундан муунга өтүп келген, кызыктуу тарыхы бар үй-бүлөлүк мурастарга артыкчылык берилет.
Көргөзмөгө жакшы абалдагы, ташууга жана экспозицияга жарактуу буюмдар тандалат. Ал эми айнек, керамика жана жука фарфор буюмдары кабыл алынбайт. Экспонаттарды музейге алып келүү жана кайра алып кетүү ээлери тарабынан аткарылат.
Катышууну каалагандар буюмдун сүрөтүн, аталышын, жасалган материалын, өлчөмүн, чыгарылган мезгилин, колдонулушу тууралуу маалыматты жана байланыш номерин [email protected] электрондук дарегине жөнөтүшү керек. Өтүнмөлөр 2026-жылдын 24-ноябрына чейин кабыл алынат. Музей кызматкерлери тандалган буюмдардын ээлери менен байланышат.