Айдоочуларга эскертүү: Чоң-Ашуу ашуусунда кар көчкү түшүү коркунучу бар

16.11.2026 | 15:11
Предупреждение водителям: на перевале Чон-Ашуу существует угроза схода лавин — Новости Кыргызстана

16-19-ноябрга чейин Каракол – Эңилчек автоунаа жолунун 74–90-чакырымдарындагы Чоң-Ашуу ашуусунда кар көчкү түшүүсү жана кар күрткүсү күтүлөт. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, жаап өткөн жаан-чачынга байланыштуу тоо райондорунда жолдорго муз тоңушу ыктымал.

Буга байланыштуу министрлик айдоочуларга унаалардын ортосундагы 500 метр аралыкты сактоо талабын эскертти. Ошондой эле айдоочуларды жолго чыгар алдында аба ырайынын шартын жана жолдогу кырдаалды эске алууга чакырды.

Scroll to Top