Улуттук музейде Лейлек килемдеринин фестиваль-жарманкеси ачылды

16.11.2026 | 17:38
В Национальном музее открылась фестиваль-ярмарка лейлекских ковров — Новости Кыргызстана

Бүгүн, 16-ноябрда, Бишкек шаарындагы Улуттук тарых музейинде улуттук кол өнөрчүлүктү даңазалоого, материалдык жана руханий мурастарды сактоого багытталган «Лейлек килемдери» фестиваль-жарманкеси ачылды. Бул тууралуу Маданият министрлиги билдирди.

Иш-чарага мамлекеттик органдардын жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, маданият кызматкерлери, ошондой эле кол өнөрчүлөр катышкан.

Ачылышта маданият министринин орун басары Аскаралы Мадаминов улуттук кол өнөрчүлүк муундан муунга өтүп келе жаткан маданий мурас экенин белгилеген. Ошондой эле иш-чарада катышуучулар кол өнөрчүлүктү сактоо, уз-чеберлердин эмгегин колдоо жана маданий мурастарды жайылтуу маселелерин козгошкон.

Аталган фестиваль-жарманке 26-ноябрына чейин уланат. Анда Баткен облусунун Лейлек районунан келген уздардын колунан жасалган буюмдар сунушталат.

Scroll to Top