Кой-Ташта пакистандык студенттерди сабагандар кармалды

Кой-Ташта пакистандык студенттерди сабагандар кармалды

Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери Кой-Таш айылында пакистандык жарандарды сабаган шектүүлөрдү кармады. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Кармалгандар 31 жаштагы Ысык-Ата районунун тургуну, 30 жаштагы Бишкек шаарынын жашоочусу жана К.Б. аттуу дагы бир адам болгон.

Учурда алардын үстүнөн Жазык кодексинин 266-беренеси (“Бейбаштык”) боюнча сотко чейинки өндүрүш башталган.

Белгилей кетсек, 19-июль күнү кечинде Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнө 4 киши арыз менен кайрылган. Алар Кой-Таш айылындагы эс алуучу жайлардын биринде белгисиз бирөөлөрдүн ур-токмогуна кабылганын айытшып, аларга чара көрүүнү суранышкан.

Токмок жегендердин бири Бишкектеги стационарларда иштеп жаткан Шах Аббас Али аттуу жаран болгон.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>