Курулуш министрлиги: Жыл аягына чейин Кыргызстанда 36 мектеп курулатПрезидент Садыр Жапаров Түркмөнстанга иш сапары менен барат«Музейлер эксперименталдык боло алабы?»: Бишкекте куратор Чарльз Эшенин лекциясы өтөтБекешев: TikTok’ту бөгөттөн чыгарууга азыр УКМК гана каршы болуудаБекешев кортеждердин санын азайтып, «күркүрөгөн» унааларга чара көрүүгө чакырдыБишкекте уюлдук телефондорду мыйзамсыз алып кирүүгө шектелип чет элдиктер кармалды
Шакира «Бишкек Аренада» концерт берет — Президенттин иш башкаруучусу
06.09.2026 | 15:14

Дүйнөлүк супержылдыз Шакира Кыргызстандын борборунда чоң концерт бериши мүмкүн. Бул тууралуу өзүнүн Instagram баракчасында Президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев билдирди. Ал колумбиялык ырчынын видеосун жарыялап, «Жакында Bishkek Arena’да! Күтүп жатасызбы?» деген жазуу калтырган.
Борбор калаадагы жаңы спорт комплекси миңдеген көрүүчүлөрдү кабыл алууга жөндөмдүү жана эл аралык ири шоу-программаларды өткөрүүгө ылайыкташкан. Чет элдик поп-жылдыздын концерти өтө турган так күнү жана билеттердин сатылышы тууралуу маалымат азырынча ачыктала элек.
Теги: Бишкек Арена