Улуттук банктын башчысы Кыргызстанда санарип сом кантип киргизилип жатканын айтып берди

06.09.2026 | 11:00
Улуттук банктын башчысы Кыргызстанда санарип сом кантип киргизилип жатканын айтып берди — Новости Кыргызстана

КР Улуттук банкынын төрагасы Алмаз Бакетаев Президентке караштуу Виртуалдык активдер жана блокчейн-технологиялар чөйрөсүн өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин жыйынында санарип сом долбоорун ишке ашыруунун жүрүшү тууралуу маалымат берди.

Анын айтымында, борбордук банктардын санариптик валюталары салыштырмалуу жаңы багыт бойдон калууда жана аны ишке ашыруунун ыкмалары дагы эле калыптануу процессинде. Эл аралык валюта фонду белгилегендей, санариптик валюталардын универсалдуу бирдиктүү модели жок, андыктан аны киргизүүнүн максатка ылайыктуулугун ар бир өлкөнүн өзгөчөлүктөрүн, күтүлгөн артыкчылыктарын, чыгымдарын жана тобокелдиктерин эске алуу менен баалоо зарыл.

Улуттук банктын жетекчиси эл аралык тажрыйбадан бир нече мисал келтирди. Швейцария биринчи кезекте финансылык институттардын ортосундагы эсептешүүлөрдө санариптик валютаны дүң (опттук) колдонууну өнүктүрүүнү улантууда, ал эми чекене санариптик валюта маселеси андан аркы баалоонун предмети бойдон калууда. Канада Банкы бир нече жылдык изилдөөлөрдөн кийин чекене санариптик валютаны чыгарууга азырынча жетиштүү негиз жок деген бүтүмгө келип, бул багытты жөн гана мониторинг кылуу менен чектелди. Нигерия дүйнөдө биринчилерден болуп чекене санариптик валютаны толук ишке киргизген, бирок тажрыйба көрсөткөндөй, технологиялык жактан ишке киргизүүнүн өзү эле калктын бул куралды кеңири колдонуп кетишине кепилдик бере албайт.

Бакетаев ошондой эле Грузиянын тажрыйбасын белгилеп өттү: ал жакта Улуттук банк 2025-жылы санариптик ларинин чекене моделин пилоттук сыноодон өткөрүп, учурда жыйынтыктарды баалоо менен бирге трансчегаралык эсептешүүлөрдө дүң санариптик валюталарды колдонуу мүмкүнчүлүгүн изилдеп жатат. Казакстанда санариптик теңге долбоору башында кеңири чекене сценарийлерди камтыган болсо, азыр негизги басым санариптик теңгени мамлекеттик каржы чөйрөсүндө колдонууга бурулду. Анын айтымында, Кытай менен Россияда да ушундай эле кырдаал байкалууда — ал жакта санарип юань менен санарип рублдин моделдерин өркүндөтүү жана аларды колдонууга кошумча стимулдарды издөө уланууда; атап айтканда, Кытайда 2020-жылдан баштап санарип юандын калдыктарына пайыздарды чегерүү мүмкүнчүлүгү киргизилген.

Улуттук банктын башчысынын сөзү боюнча, бул мисалдар санариптик валюталарды өнүктүрүү бир көз ирмемдик технологиялык чечим эмес, тескерисинче, борбордук банктар ар кандай гипотезаларды текшерип, практикалык сыноолордун натыйжасында акчанын жаңы формасы реалдуу натыйжа бере ала турган багыттарды аныктаган ырааттуу процесс экенин далилдейт.

Бакетаев белгилегендей, Кыргызстандын Улуттук банкы да санарип сом долбоорун ишке ашырууда дал ушундай ыкманы карманат. Учурдагы баскычта Улуттук банк санарип сомду колдонуунун келечегин биринчи кезекте мамлекеттик төлөмдөр чөйрөсүндө жана бюджеттик каражаттарды пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатууда көрөт. Каржы министрлиги менен биргеликте Улуттук банк санариптик бюджетти иштеп чыгууга жана киргизүүгө киришүүгө даяр — анын айтымында, өлкөдө буга чейин мындай долбоор болгон эмес.

Теги: Нацбанк
Scroll to Top