Көчмөндөр оюндарында салбуурун боюнча жеңүүчүлөр аныкталды

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында 2-сентябрдан 5-сентябрга чейин Кырчын капчыгайындагы спорт шаарчасында салбуурун боюнча мелдештер өттү. Алар куш салуу, тайган жарыш, далба ойнотуу, бүркүт салуу, ошондой эле салттуу жаа атуунун бир нече түрүн камтыды.
Бүркүт салуу боюнча мелдешке 8 өлкөдөн 18 спортчу катышты. Биринчи орунду кыргызстандык Түгөлбай Абдыкадыров, экинчи орунду казакстандык Арман Кушкаров, ал эми үчүнчү орунду кыргызстандык Бакыт Шамурат уулу ээледи.
Далба ойнотууда 5 өлкөдөн 10 катышуучу күч сынашты. Жеңишти кыргызстандык Бакыт Шамурат уулу камсыздаса, экинчи орунга казакстандык Бакдөөлөт Бабажан, үчүнчү орунга казакстандык дагы бир спортчу Эрлан Кенжетаев ээ болду.
Куш салуу боюнча 4 өлкөдөн 10 спортчу катышты. Казакстандык Серикболсун Жалгасулы биринчи орунду, кыргызстандык Адылбек Кудайбердиев экинчи орунду, кыргызстандык Тойлубай Бактыбек уулу үчүнчү орунду алды.
Тайган жарышка 4 өлкөдөн 11 адам катышты. Өзбекстандык Равшанбек Курбанов жеңүүчү аталды, экинчи орунду кыргызстандык Чаткалбай Жолдошов, үчүнчү орунду өзбекстандык Азизжан Керимов ээледи.
Кыргыз эрежелери боюнча салттуу жаа атуу мелдешине 51 өлкөдөн 211 адам катышып, таймаштар эркектер жана аялдар арасында өттү. Эркектер арасында кыргызстандык Алмаз Жунусов жеңүүчү болду, экинчи орунду кыргызстандык Нурсултан Эмилбек уулу, үчүнчү орунду венгриялык Ласло Кочка ээледи. Аялдар арасында казакстандык Асемгүл Галымжанова биринчи, казакстандык Батихкан Айкөркөм экинчи, россиялык Клара Спиридонова үчүнчү орунга татыды.
Түрк эрежелери боюнча жаа атууда да 51 өлкөдөн 211 адам күч сынашты. Эркектер арасында кыргызстандык Алмаз Жунусов жеңишке жетсе, экинчи орунду монголиялык Ганзориг Бат-Эрдэнэ, үчүнчү орунду казакстандык Али Сессигүзел ээледи. Аялдар арасында казакстандык Аяш Кабдоллаева биринчи, кыргызстандык Асел Садырова экинчи, россиялык Клара Спиридонова үчүнчү орунду камсыз кылды.
Венгр стилиндеги ат үстүндө жаа атуу мелдешине 32 өлкөдөн 160 спортчу катышты. Эркектер арасында Франциядан келген Рафаэль Мале жеңишке жетти, экинчи орунду венгриялык Балаж Вермеш, үчүнчү орунду казакстандык Абзал Тулыбеков багындырды. Аялдар арасында венгриялык Ханна Декшеи биринчи, казакстандык Аружан Ыксан экинчи, кытайлык Мэйвэнь Линь үчүнчү орунга ээ болду.