АКШнын мамкатчысы Марко Рубио соода кызматташтыгын өнүктүрүү үчүн Борбор Азияга келе жататБишкектин Достук айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы жер тилкелери боюнча алдамчылыкка шектелүүдөСадыр Жапаров ЮНЕСКОнун башкы директору Халед Аль-Анани менен жолугуштуЧүй облусунун ооруканаларына үч тез жардам унаасы тапшырылдыЕреванда Садыр Жапаров менен Армениянын премьер-министри Никол Пашинян сүйлөшүүлөрдү өткөрүштүШакиранын Бишкектеги концерту: 18-октябрда милиция күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөйт
Кыргызстандын курамасы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында көкпар боюнча финалда 7:2 эсебинде жеңишке жетти
06.09.2026 | 13:32

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагындагы көкпар боюнча турнирдин финалдык беттешинде Кыргызстандын курама командасы Казакстандын курамасын 7:2 эсебинде жеңип алып, мелдештин алтын медалына ээ болду.
Жалпысынан мелдешке эки тайпага бөлүнгөн жети курама команда катышты. Кыргызстан менен Казакстандын командалары тайпалык баскычта биринчи орундарды ээлеп, турнирдин финалына чыгышкан.
Казакстандын курамасы Астанада өткөн буга чейинки Оюндарда жеңишке жетип, бул турнирге азыркы чемпион макамында келген болчу. Бүгүнкү финалдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын командасы алтын медалдарды багындырса, Казакстандын курамасы экинчи орунду ээлеп, күмүш байгеге ээ болду.
Теги: ВИК