Бишкектеги Миңжылкыев көчөсү транспорт кыймылы үчүн ачылдыСоода, кызмат көрсөтүү жана ташуу: Кыргызстандагы чакан бизнес эмне менен алектенетКыргызстан ЖККУнун операциясына катышты: 11,4 тонна тыюу салынган зат алындыКыргызстанда чек арадагы радиациялык көзөмөлдү күчөтүү сунушталууда — толугу мененКыргызстандын чакан жана орто бизнеси 1 трлн сом киреше тапты, анын 77%ы Бишкекке туура келетБишкектин башкы планы өзгөртүлдү, бирок так эмне өзгөргөнү белгисиз, деп билдирди Бекешев
Чолпон-Атада «Көчмөндөр санаты» эл аралык фестивалы өтөт
01.09.2026 | 09:33

2–5-сентябрь күндөрү Чолпон-Ата шаарындагы «Рух Ордо» маданий-этнографиялык борборунда VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында «Көчмөндөр санаты» эл аралык фестивалы өткөрүлөт.
Маданият министрлигинин маалыматында, иш-чарага Кыргызстандан жана чет өлкөлөрдөн келген жалпысынан 77 өнөрпоз катышат. Фестивалда көчмөн элдердин музыкалык мурасы, улуттук аспаптары жана аткаруучулук өнөрү көрсөтүлөт.
Фестивалдын ачылышы 2-сентябрда саат 16:00дө болот. Билеттер nebs.gov.kg сайтында жана «Рух Ордо» борборунун кассасында сатылууда.
Рубрики: Жаңылыктар, Маданият