Кыргызстанда КРВИ жана сасык тумоо көбөйүүдө: жуманын ичинде 8 миң учур катталдыВиктор Козодой: «Кыргыз цивилизациясы — дүйнөнүн бешинчи дарыялык цивилизациясы»«Ала-Арча» резиденциясында ачылган мектеп менен бала бакчага кабыл алуу башталдыЭнергетика министри Кара-Кечедеги көмүр казууларды текшерди: дефицит жокКыргызстанда жаңы футбол клубу түзүлдү. Аны Өмүрбек Бабанов каржылайтБишкектин бир районунда 20-ноябрда суу убактылуу өчүрүлөт
“Коопсуз шаардын” көчмө аппараттарынын коюлган даректери жарыяланды
07.10.2021 | 10:45
Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы “Коопсуз шаар” долбоорунун Бишкек жана Чүй аймагында жайгаштырылуучу үч буттуу көчмө аппараттарынын даректерин жарыялады.
Маалыматка ылайык, көчмө аппараттар эртең мененки саат 7:00дөн 20:00гө чейин иштейт.
Чүй облусунун аймагында көчмө аппараттык-программалык комплекстердин орнотула турган жерлери:
- Айланма жол, Бишкек — Нарын — Торугарт — 11-чакырымдан 88-чакырымга чейин;
- Лебединовка, Ленин проспектиси;
- Бишкек — Нарын — Торугарт — 6,6дан 33-чакырымга чейин;
- Бишкек — Нарын — Торугарт — 35,6дан 39-чакырымга чейин;
- Бишкек — Нарын — Торугарт — 41ден 66,8-чакырымга чейин;
- Бишкек — Нарын — Торугарт — 71-чакырым;
- Бишкек — Нарын — Торугарт — 74,7ден 100,5-чакырымга чейин;
- Бишкек — Нарын — Торугарт — 106дан 108,5-чакырымга чейин;
- Бишкек — Кордай — 6,4төн 14-чакырымга чейин;
- Бишкек — Күнтуу — Шалта — 5тен 17,5-чакырымга чейин;
- Бишкек — Ош — 10,1ден 13,6-чакырымга чейин;
- Алматы — Бишкек — Ташкент — 251-чакырым;
- Петровка — “Нарзан” булагы — 7ден 14-чакырымга чейин;
- Кепер-Арык — Сосновка — Кызыл-Дыйкан;
- Бишкек — “Ала-Арча” жаратылыш паркы — Кашка-Суу айылы;
- Лебединовка — Айланма жол — ГЭС-5;
- Биримдик Кут конушу;
- Бишкек — “Чалдыбар” посту — 71-чакырым;
- Төмөнкү Ала-Арча конушундагы Киргизская көчөсү;
- Бишкек — “Манас” аэропорту — 19-чакырым.
Бишкек шаарынын көчмө аппараттык-программалык комплекстердин орнотула турган жерлери:
- Боталиев, 242;
- Арча-Бешик конушундагы Садырбаев көчөсү;
- Ак-Өргө конушундагы Барпы Алыкулов көчөсү;
- Профсоюзная көчөсү;
- Лев Толстой;
- Жибек жолу, 291;
- Жибек жолу, 71;
- Байтик баатыр, 14;
- Ахунбаев — Көпүрө базар;
- Кожобергенов;
- Ак-Ордо конушундагы Гагарин көчөсүнүн Курсант менен кесилишкен жери;
- Көк-Жар конушундагы Достоевский көчөсүнүн “Улан” лицейи менен кесилишкен жерде;
- Ауэзов, 41;
- Тоголок Молдо, 273 жана 249;
- Күйүкова, 42а;
- Масалиев көчөсүнүн Бакаев менен кесилишкен жери;
- Фрунзе, 83.
Көчмө аппараттык-программалык комплекстердин негизги милдеттери болуп жол-транспорт кырсыктарынын көбөйүшүн алдын-алуу, ошондой эле жолдо айдоо маданиятын жогорулатуу болуп саналат. Көчмө аппараттык-программалык комплекстердин жайгаштырылган жерлери жол-транспорт кырсыктары болгон жерлерге кароо аныкталат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом