Акыйкатчы: Курсан Асанов ИИМди басып албаганын айтты

Акыйкатчы: Курсан Асанов ИИМди басып албаганын айтты

Акыйкатчы Токон Мамытов Бишкек шаарынын ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына барып, ал жерде кармалган Курсан Асанов менен жолугушту.

Акыйкатчы менен сүйлөшүү учурунда Курсан Асанов бийликти күч менен басып алуу тууралуу делген аудио жазууга Россияда жана Казакстанда экспертиза жүргүзүлүп, анын корутундусу боюнча аудио жазуу алты жеринен монтаждалганы аныкталганын айткан.

Ага укук коргоо органдары тарабынан коюлуп жаткан күнөөлөр боюнча, Курсан Асанов ИИМ имаратын басып албаганын, 2020-жылдын 6-октябрында ал ИИМ имаратына башка адамдар, мурдагы ИИМ министри жана башка адамдар барышкандан жарым саат өткөндөн кийин барганын белгиледи. Ал ошондой эле ИИМ министри кызматына Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Ө.Суваналиевден буйрук алгандан кийин киришкенин белгиледи.

«Болгондо да мени ИИМ жамаатына расмий тааныштыруудан кийин министрлик кызматка киришкенмин»-деп айтты Асанов. Ал өз сөзүн тастыктоо үчүн Коопсуздук Кеңешинин аны министрдин милдетин аткаруучу кылып дайындоо тууралуу 2020-жылдын  6-октябрындагы каттын көчүрмөсүн көрсөттү.

Акыйкатчы аталган жайга баруусу боюнча адам укуктарын бузууга жол бербөө үчүн тиешелүү чараларды көрүү үчүн каттарды Башкы Прокуратурга, Жогорку сотко, УКМКга жана ИИМге жолдоду.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>