«Коопсуз шаардын» көчмө аппараттарынын коюлган даректери жарыяланды

«Коопсуз шаардын» көчмө аппараттарынын коюлган даректери жарыяланды

Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы «Коопсуз шаар» долбоорунун Бишкек жана Чүй аймагында жайгаштырылуучу үч буттуу көчмө аппараттарынын даректерин жарыялады.

Маалыматка ылайык, көчмө аппараттар эртең мененки саат 7:00дөн 20:00гө чейин иштейт.

Чүй облусунун аймагында көчмө аппараттык-программалык комплекстердин орнотула турган жерлери:

  • Айланма жол, Бишкек — Нарын — Торугарт — 11-чакырымдан 88-чакырымга чейин;
  • Лебединовка, Ленин проспектиси;
  • Бишкек — Нарын — Торугарт — 6,6дан 33-чакырымга чейин;
  • Бишкек — Нарын — Торугарт — 35,6дан 39-чакырымга чейин;
  • Бишкек — Нарын — Торугарт — 41ден 66,8-чакырымга чейин;
  • Бишкек — Нарын — Торугарт — 71-чакырым;
  • Бишкек — Нарын — Торугарт — 74,7ден 100,5-чакырымга чейин;
  • Бишкек — Нарын — Торугарт — 106дан 108,5-чакырымга чейин;
  • Бишкек — Кордай — 6,4төн 14-чакырымга чейин;
  • Бишкек — Күнтуу — Шалта — 5тен 17,5-чакырымга чейин;
  • Бишкек — Ош — 10,1ден 13,6-чакырымга чейин;
  • Алматы — Бишкек — Ташкент — 251-чакырым;
  • Петровка — «Нарзан» булагы — 7ден 14-чакырымга чейин;
  • Кепер-Арык — Сосновка — Кызыл-Дыйкан;
  • Бишкек — «Ала-Арча» жаратылыш паркы — Кашка-Суу айылы;
  • Лебединовка — Айланма жол — ГЭС-5;
  • Биримдик Кут конушу;
  • Бишкек — «Чалдыбар» посту — 71-чакырым;
  • Төмөнкү Ала-Арча конушундагы Киргизская көчөсү;
  • Бишкек — «Манас» аэропорту — 19-чакырым.

Бишкек шаарынын көчмө аппараттык-программалык комплекстердин орнотула турган жерлери:

  • Боталиев, 242;
  • Арча-Бешик конушундагы Садырбаев көчөсү;
  • Ак-Өргө конушундагы Барпы Алыкулов көчөсү;
  • Профсоюзная көчөсү;
  • Лев Толстой;
  • Жибек жолу, 291;
  • Жибек жолу, 71;
  • Байтик баатыр, 14;
  • Ахунбаев — Көпүрө базар;
  • Кожобергенов;
  • Ак-Ордо конушундагы Гагарин көчөсүнүн Курсант менен кесилишкен жери;
  • Көк-Жар конушундагы Достоевский көчөсүнүн «Улан» лицейи менен кесилишкен жерде;
  • Ауэзов, 41;
  • Тоголок Молдо, 273 жана 249;
  • Күйүкова, 42а;
  • Масалиев көчөсүнүн Бакаев менен кесилишкен жери;
  • Фрунзе, 83.

Көчмө аппараттык-программалык комплекстердин негизги милдеттери болуп жол-транспорт кырсыктарынын көбөйүшүн алдын-алуу, ошондой эле жолдо айдоо маданиятын жогорулатуу болуп саналат. Көчмө аппараттык-программалык комплекстердин жайгаштырылган жерлери жол-транспорт кырсыктары болгон жерлерге кароо аныкталат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>