«Мыйзам Нуру коррупцияга каршы коомдук жардам» коомдук бирикмесинин Т.Г.Б. аттуу инспектору пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.
Маалым болгондой, ага карата Кылмыш кодексинин 208-беренесинин 1-бөлүгү (Опузалап талап кылуу) боюнча кылмыш иши козголгон.
«Т.Г.Б. аттуу жаран Жалал-Абад облусундагы бала бакчалардын биринин директорун, колунда бар делген компроматты укук коргоо органдарына өткөрүп берем деген коркутуу менен акча каражатын талап кылгандыгы аныкталды», — деп билдирет УКМК.
Шектүү убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. Тергөө иштери жүрүп жатат.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз