Лейлекте бир жылда жол кырсыктан 24 адам жабыркаган

Лейлекте бир жылда жол кырсыктан 24 адам жабыркаган

Лейлек районунун аймагында 2022-жылы орун алган жол кырсыктарынын 17си түнкү мезгилде катталган, андан 2 жаран каза болуп, 24 адам жаракат алышкан. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Лейлек районунун аймагында жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу, жол унаа кырсыктарын алдын алуу, болтурбоо жана аларды азайтуу максатында Лейлек РИИБи боюнча ЖККК бөлүмчөсүнүн кызматкерлери Лейлек районунун эл аралык, республикалык жана жергиликтүү маанидеги унаа жолдорунун, Раззаков шаарынын аймагындагы айылдардын ички көчөлөрүнүн четине орнотулган түнкү жарыктандыруу чырактарынын иштеши жана кооптуу болгон аймактарга кошумча түнкү жарыктандырууну орнотуу боюнча иштерди алып барууда.

Түнкү мезгилде катталып жаткан унаа кырсыктарын алдын алуу жана болтурбоо, санын кыскарттуу максатында Лейлек РИИБ боюнча ЖККК бөлүмчөсү тарабынан райондун аймагындагы айыл өкмөт башчыларына жана Раззаков шаарынын мэриясынын алдындагы “Лейлек-Тазалык”  муниципиалдык ишканасынын башчысынын атына түнкү жарыктандырууну жакшыртуу, иштебей калганын оңдоп, калыбына келтирүү, ошондой эле кооптуу болгон, жол унаа кырсыгы көп катталган участкаларга жаңы түнкү чырактарды орнотуу боюнча 7-февраль күнү 10 эскертме берилди.

Анын негизинде Лейлек райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким А.Рахманкуловдун жана Раззаков шаарынын мэри Ч.Рысовдун атына берилген эскертмелерди көзөмөлгө алуусу, аткарылышын көзөмөлдөөсү үчүн билдирүүлөр жөнөтүлдү.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>