Бишкекте «Чек арасыз шахмат» эл аралык турнири өтөтКыргыз-албан мамилелерин өнүктүрүү боюнча Биргелешкен билдирүүгө кол коюлдуКыргызстан АКШ менен Ирандын ортосундагы тынчтык келишимин кубаттайт — Аскат АлагозовКыргызстанда Улуу Ата Мекендик согуштун башталышынын 85 жылдыгына карата «Эскерүү шамы» акциясы өтөтМаматалиев «75 иши» боюнча фигуранттарды «чөөлөр» деп атадыКыргызстан менен Кытайдын жазуучулары кызматташтыкты өнүктүрөт
Видео: Коррупцияга каршы коомдук бирикменин мүчөсү кармалды
09.02.2023 | 10:12
“Мыйзам Нуру коррупцияга каршы коомдук жардам” коомдук бирикмесинин Т.Г.Б. аттуу инспектору пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.
Маалым болгондой, ага карата Кылмыш кодексинин 208-беренесинин 1-бөлүгү (Опузалап талап кылуу) боюнча кылмыш иши козголгон.
“Т.Г.Б. аттуу жаран Жалал-Абад облусундагы бала бакчалардын биринин директорун, колунда бар делген компроматты укук коргоо органдарына өткөрүп берем деген коркутуу менен акча каражатын талап кылгандыгы аныкталды”, – деп билдирет УКМК.
Шектүү убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. Тергөө иштери жүрүп жатат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз