Түркияда уранды алдында 68 саат жаткан алты адам куткарылды

Түркияда уранды алдында 68 саат жаткан алты адам куткарылды

Түркиянын Хатай провинциясынын Кырыкхан шаарында жер титирөөдөн 68 саат өткөндөн кийин урандылардын алдынан алты адам, анын ичинде үч бала куткарылды. Бул тууралуу «Анадолу» агенттиги жазды.

Чорум улуттук медициналык-куткаруу тобу Кырыкханда издөө-куткаруу иштерин жүргүзүп жатып, урандылардын алдынан чыккан үндөрдү уккан. Көптөгөн күч-аракеттин натыйжасында урандылардын алдынан алты адамды куткарып чыгышкан. Аларга биринчи медициналык жардам көрсөтүлүп, ооруканага жеткирилген.

6-февралда Түркиянын түштүк-чыгышында жана Сириянын түндүгүндө катуу жер титирөөлөр болгон. Анын айынан, акыркы маалыматтар боюнча, Түркияда 12 миң 391 киши каза таап, 62 миң 914 адам жараат алды. Сирияда 2662 киши каза болуп, 4 миңдей тургун жабыркады.

Жер титирөөгө байланыштуу Кыргызстан куткаруу иштерине жардам берүү үчүн Түркияга 67 ӨКМ кызматкерин жөнөткөн. Алар Түркиянын Кахраманмараш шаарында иштөөдө. Андан тышкары, Кыргызстан Түркияга гуманитардык жардам жөнөтөрү кабарланган.

Түркия жана Сириядагы зилзала. Куткарылгандардын видеосу

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>