Талас шаарында 5 миң орундуу «Талас-Арена» борбордук стадиону ачылды

02.11.2026 | 17:51
Президент Талас шаарында «Талас-Арена» борбордук стадиону ачты — Новости Кыргызстана
Президент Талас шаарында «Талас-Арена» борбордук стадиону ачты — иллюстрация
Президент Талас шаарында «Талас-Арена» борбордук стадиону ачты — контекст события

Бүгүн, 2-ноябрда, Талас шаарында «Талас-Арена» борбордук стадиону пайдаланууга берилди. Ачылыш аземине өлкө башчы Садыр Жапаров катышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Стадион 5 миңден ашык көрүүчүгө ылайыкталган. Анын футбол талаасы автоматтык сугаруу системасы бар гибриддик газон менен жабдылган. Ошондой эле эки машыгуу талаасы, үч кичи футбол аянтчасы жана жарыктандыруу системасы курулган.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө өлкөдө футболдук инфратүзүмдү жаңылоо иштери жүрүп жатканын белгиледи.

«2034-жылга чейин футболду өнүктүрүү боюнча кабыл алынган программанын негизги максаттарынын бири – өлкө боюнча футболдук инфратүзүмдү жаңылоо, эл арасынан жаш таланттарды алып чыгуу жана футболдун массалык түрдө жайылышына шарт түзүү»,- деп билдирди ал.

Ошондой эле Садыр Жапаров стадионду натыйжалуу башкаруу, анын үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылуу милдетин коюп, спорттук жай балдарга, өспүрүмдөргө, жаш футболчуларга жана жалпы эле спортту сүйгөн элге дайыма ачык болууга тийиш экенин айтты.

Scroll to Top