Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Ош шаарындагы Курманжан Датка көчөсүнө акация көчөттөрү отургузулдуШайырбек Ташиев депутаттык мандатын тапшырдыТИМ: Жакынкы Чыгыштагы кыргызстандыктарды эвакуациялоонун кезектеги этабы башталдыСот аткаруучулар кызматынын жетекчисинин орун басары Кубанычбек Капаловдун cөөгү табылдыБШК депутат Курманкул Зулушевди мандатынан ажыратты14-март: Өлкөдө күн ачык болот
Кыргызстандык 2 тасма Алматыдагы фестивалда сыйлык алды
14.09.2023 | 10:06
Кыргызстандык 2 тасма Казакстандын Алматы шаарында өткөн «Байкоңур» кыска метраждуу оюн жана даректүү тасмалардын эл аралык фестивалында сыйлык алды. Бул тууралуу Кинематография департаментинен билдиришти.
Маалыматка караганда, Дастан Мадалбековго «Атасынын уулу» тасмасы үчүн “Мыкты режиссерлук иш” сыйлыгы жана Никита Ловецкийге «Галина Петровна» тасмасы үчүн Киносынчылардын калыс тобунун диплому тапшырылган.
Эскерте кетсек, аталган кинофестиваль 6-10-сентябрда Алматы шаарында өтүп, ага 6 мамлекеттен 18 тасма катышты.
«Байкоңур» фестивалы быйыл сегизинчи жолу өткөрүлдү.