Ош шаарында жаңы онкологиялык борбор курулатЖамгыр, тоолорго кар жаап, түнкүсүн үшүк жүрөт: 26-октябрга карата аба ырайыБанктар сом менен чет өлкөлүк валютага караганда 15 эсе көп депозит кабыл алыштыБанктардагы жаңы депозиттердин көлөмү сегиз айда 29%га өстүБишкекте турак үйлөрдөн жасалма алкоголдук ичимдиктерди өндүрүү жайлары аныкталдыКР коргоо министринин мурдагы орун басары Бишкектин кырсыктарга даяр эместигин эскертти
Кыргызстандык 3 тасма Казакстандагы фестивалга катышат
19.08.2023 | 17:40
Кыгызстандык 3 тасма Казакстандагы “Байкоңур” эл аралык фестивалына катышат. Бул тууралуу Кинематография департаментинен билдиришти.
Маалыматка караганда, сынакка катышуу үчүн 14 мамлекеттен 560 талапкерден арыз түшкөн. Алардын арасынан фестивалга 6 мамлекеттен 18 тасма тандалып алынган. Алардын арасынан 3 тасма Кыргызстандан болот: режиссерлор Никита Ловецкийдин “Галина Петровна”, Алижан Насировдун “Медик” жана Дастан Мадалбековдун “Атасынын уулу” тасмалары.
Фестиваль 6-10-сентябрда Алматы шаарында өтөт.
Кыска метраждуу оюн жана даректүү тасмалардын “Байкоңур” фестивалы быйыл сегизинчи жолу өткөрүлөт.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз