Токтогулда түн ката атына маңзат артып келе жаткан жаран кармалды

Токтогулда түн ката атына маңзат артып келе жаткан жаран кармалды

Жалал-Абаддын Токтогул районунда 2 кап баӊгизатты атына артып келе жаткан жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, Токтогул райондук милициянын Баӊгизатка каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлерине баӊгизат тууралуу ыкчам маалымат түшкөн.

Бул маалымат каттоого алынып, Кылмыш-жаза кодексинин 283-беренеси (Баӊгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатысыз мыйзамсыз даярдоо) боюнча кылмыш иши козголгон.

11-сентябрга караган түнү болжол менен саат 01:20да райондун аймагында ат минип келе жаткан 25 жаштагы Б.Э. милиция кызматкерлери тарабынан токтотулуп, текшерилген. Текшерүү учурунда ал атына артып келе жаткан 2 капта салмагы 10 кг 345 грамм болгон (чөп түрүндө) өзгөчө кескин жыты бар баӊгизатка окшогон зат алынган. Ал кара куурай болуп чыккан.

Учурда шектүү убактылуу кармоочу жайга камакка алынып, тергөө амалдары жүрүп жатат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>