Кызыл-Ой айылындагы мектептен чыккан өрт чектөөгө алынды — КР ӨКМ

19.11.2026 | 10:56
Кызыл-Ой айылындагы мектептен чыккан өрт чектөөгө алынды — КР ӨКМ — Новости Кыргызстана

Чүй облусунун Жайыл районуна караштуу Кызыл-Ой айылындагы мектептеги өрт чектөөгө алынды. Бул тууралуу Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, өрт тууралуу кабар 19-ноябрда эртең менен түшкөн. Саат 08:48де окуя болгон жерге Жайыл райондук №22 бөлүмүнөн бир өрт-куткаруу тобу жөнөтүлгөн. Саат 08:55те жардамга Жумгал райондук №43 бөлүмүнөн дагы бир топ жолго чыккан.

Өрттү өчүрүүгө жалпысынан эки өрт-куткаруу тобу тартылды. Саат 10:20да өрт чектөөгө алынды.

Учурда куткаруучулар өрттү толук өчүрүү иштерин улантууда.

Буга чейин социалдык тармактарда жергиликтүү тургундар мектептин имаратында катуу өрт чыкканын билдиришкен. Алардын айтымында, жалын имаратты каптаган. Ошол эле учурда калктуу конуш алыс жайгашкандыктан, окуя болгон жерге жетүү оңой болгон эмес.

Өрттүн себептери жана келтирилген чыгымдын көлөмү азырынча белгисиз.

Scroll to Top