Амирдин өлүмү. Бишкекте Кризистик кырдаалдарды башкаруу борборунун мурдагы башчысы камакка алынды

21.11.2026 | 15:46
Амирдин өлүмү. Бишкекте Кризистик кырдаалдарды башкаруу борборунун мурдагы башчысы камакка алынды — Новости Кыргызстана

Кризистик кырдаалдарды башкаруу борборунун мурдагы башчысы Азиз Болотканович Эгембердиев Ала-Арча тоолорунда 14 жаштагы Амирдин каза болушунун жагдайларын тергөөнүн алкагында 2027-жылдын 13-январына чейин камакка алынды.

Азиз Эгембердиевдин камакка алынганы тууралуу маалыматты Reporter.kg басылмасына Бишкектин Биринчи май райондук сотунан тастыкташты.

Соттун маалыматы боюнча, 2026-жылдын 15-ноябрында тергөө тобунун жетекчисинин айыпталуучу Э. А. Б.га карата бөгөт коюу чарасын тандоо жөнүндөгү өтүнүчү канааттандырылган. Соттун токтому менен ал 2027-жылдын 13-январына чейин камакка алынды. Эгембердиевге КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 2-бөлүгү боюнча айып тагылды.

Эске салсак, 7-ноябрда саат 19:02де 14 жаштагы Амир Кунакунов 112 бирдиктүү өзгөчө кырдаалдар номерине чалып, тоодон түшүп келе жатып адашып кеткенин кабарлаган.

9-ноябрда куткаруучулар «Ала-Арча» жаратылыш паркындагы «Электро» чокусунун аймагынан өспүрүмдүн сөөгүн табышкан.

Бул трагедиядан кийин өлкө жетекчилиги окуянын чоо-жайын жана куткаруу кызматтарынын аракеттерин текшерүүнү тапшырган.

Анара Мамытова

Scroll to Top