Эркин Болжуров — фотография, кино, президенттер жана живописке кайтуу жөнүндө

Эркин Болжуров — кыргыз фотографиясынын тарыхына татыктуу кирген белгилүү фотограф, фотосүрөтчү жана оператор.
Ал он жыл президенттердин расмий фотографы болгон, Актан Арым Кубат менен иштеген, эл аралык таанууга ээ болгон: анын фотосүрөттөрү Францияда жана Японияда көргөзмөгө коюлган, ошондой эле жеке коллекцияларда сакталып турат. Көп жылдан бери ал Гапар Айтиев атындагы Көркөм сүрөт музейинде иштейт.
Бул маегинде ал фотография жана кино, Ак үйдөгү жана Музейдеги иши, ошондой эле живописке кайтып келиши тууралуу айтып берет.
Сиз айылда чоңойгонсуз. Фотография жашооңузга кайдан келди?
Менден «айылда чоңойгон бала менен фотография — мунун баары кайдан?» деп сурашканда, дайыма мындай баштайм. Иним экөөбүз кичинекей кезибизде абаларыбыз фотография менен алектенишчү.
Абаларыбыз бөлмөгө бекинип алып, бизди киргизишчү эмес. Бирок бир жолу баары бир киргизишти, ошондо мен космостук бир нерсени көрдүм — караңгы бөлмө, кызыл фонарь, фотоувеличитель. Абаларыбыз кагазды сууга салышчу, мага ошондо ушундай көрүнчү, анан кагазда көп өтпөй биз пайда болчубуз (жылмаят). Алар бизди дайыма тартышчу.
Мени чоң энем менен чоң атам багып чоңойтушкан, оюнчугум дээрлик жок болчу. Абамдын фотоаппараты мен үчүн оюнчуктай эле. Паровозго окшошпу? (күлөт) Шырдактын үстүндө ойноп, камераны анын оюуларынын үстү менен жылдырчумун. Сыягы, ошол образдар ичимде калып калса керек.
Биринчи фотоаппаратым «Смена» болчу, ал шаарда жашаган тууган агам Сагындын аркасы менен колума тийген. Ал ага ак-кара плёнка салып берди, мен болсо, ишкер сегизинчи класстын окуучусу, аны мектепке ала бардым — кыздарды тартканы. Ырас, 36 кадрдын ичинен бирөө гана жакшы чыгыптыр, калгандарынын баарында капкара силуэттер гана көрүнчү. Кийин билсем, выдержканы туура эмес коюптурмун.
Кесипкөй фотографияга кантип келдиңиз?
18 жашымда Фрунзе көркөм сүрөт окуу жайына тапшырганы жаткам, бирок дал ошол убакта атам күтүүсүздөн каза болуп калды… Мен «болду, эми иштешим керек, апама жардам берип, сиңдилерим менен инимди бутуна тургузушум керек» деп ойлогом. Бирок апам: «Бир аз кыйналсак кыйналалы, бирок сен оку», — деп көшөрдү. Анысы туура болуп чыкты. Мен окуу жайдын живопись бөлүмүнө өттүм. Болжол менен ошол эле маалда Опера жана балет театрына, мимикалык ансамблдин тобуна (миманс) жумушка орношуу бактысы буюрду.

Мимикалык ансамбль — музыкалык театрда реплика айтпай, массалык сахналарга, пантомималарга жана эпизоддук ролдорго катышкан артисттердин труппасы.
Бул такыр башка жашоо эле! Бүгүн биз Пётр Iнин жоокерлерибиз, эртең Манастын жигиттерибиз, ар бир жолу бизге жаңы ролдор берилчү — ал убакта театрда дүйшөмбүдөн башка күндөрү күн сайын оюн коюлчу. Мен үчүн эң кооз спектакль «Кармен» болчу, анда биз тореадорлорду ойночубуз.
Азыр уулдарым Адилет менен Азамат ушул эле театрда артист болуп эмгектенишет. Мен алар менен абдан сыймыктанам, спектаклдеринин баарына барууга, сүрөткө жана видеого тартууга аракет кылам. Бул менин таасирим деп айтпайм. Тескерисинче, турмуштук жагдайлар жана алардын жеке тандоосу.
Окуу жайды бүткөндөн кийин «Салют» бирикмесиндеги салон фотографтары үчүн бир жылдык курска жазылып, үчүнчү разряддагы кесипкөй фотограф болдум. Кесипкөй фотографияга живописти окугандан кийин келгендиктен, башкалар таарынбасын, бирок мен өзүмдү жөн гана фотокурсту бүткөндөрдөн бир аз жогору койчумун — менин жарыкты, түстү көрүүм башкача. Фотоаппарат мен үчүн сүрөтчүнүн кыл калеминдей. Эмнени тартсам да, ага көркөм сүрөт катары мамиле кылууга аракет кылчумун. Фотография менен кол өнөрчүлүк катары алектенгендер бар: мисалы, адамдарды документке жана үй-бүлөлүк альбомдорго тартышат, ал эми фотосүрөтчүлөр бар. Бул түшүнүктөрдү айырмалоо керек.
Эмнени тартканды баарынан жакшы көрөсүз?
Мен балдарды, карыларды жана жаратылышты тартканды жакшы көрөм. Айылда чоңойгонумдан улам го деп ойлойм. Айылдаштарымды, атамдын досторун жана курдаштарын тартуу оюм бар эле. Атам 46 жашында дүйнөдөн кайткан, ошондуктан аны ушул курагында эстеп калгам. Ал кезде 46 жаштагылар мага абдан чоң кишидей сезилчү, бирок өзүм ошол жашка чыкканда чоңойгонумду сезген жокмун.
Айылда атамдын досторун жолуктурганым эсимде. Күн батып бараткан, күндүн күчү кайтып калган. Батып бараткан күн ошол карыларга, алардын күнгө күйгөн бырыштуу жүздөрүнө кооз кызгылт сары түс берди. Мен аларды сүрөткө тартып, ошол эле жерде, мектебибизде көргөзмө уюштурмакмын.
Эски маектеримдин биринде ырахат тартуулаган жакшы фотографияны көргөндө ал кадрды мен тартпаганыма өкүнөм деп айткам. Азыр менде андай сезим жок. Жакшы кадр — бул керектүү жерде, керектүү убакта, күн да дал ошондой тийип турганда болуп калуу деп эсептейм.
Жалпысынан мага портрет тартуу жагат. Эмне үчүн экенин билесизби? Кечинде окуу жайдагы сабактан кийин театрга жумушка чуркачумун, этюдга чыкканга убактым болчу эмес. Сахнага чыгарга жарым саат калганда күзгүгө карап автопортрет чиймелегенге гана үлгүрчүмүн. Сыягы, жооп ушунда болсо керек.
Сиз Ак үйдө иштегенсиз. Президенттерди тартуу кандай болду?
Мен Ак үйдө дээрлик 10 жыл президенттин расмий фотографы болуп иштедим. Бизди «личник» дешчү. Коркунучтуу эле (жылмаят) — бир нерсени туура эмес тартып алсаң, президенттин ачуусун келтирип алсаң кантесиң. Кийин гезиттерге да жазылган бир окуя эсимде. Ошондо добуш берүүнү тартыш керек болчу, бюллетень салынып жаткан учурду мен жалгыз тартам деп макулдашканбыз. Мен жаңы эле Америкадан жаңы санарип фотоаппарат алып келгем. Баары башталды, а мен батарейка кызыл болуп өчүп-күйүп жатканын көрдүм. Дүрбөлөңгө түшө баштадым — запас батарейка салынган сумканы мугалимдер бөлмөсүндө калтырыптырмын. Күзөттүн жанынан өтүп кетейин деп чечтим. Бир бутумду эшиктен чыгардым, экинчиси менен байкабай Аскар Акаевдин шыйрагына тээп алдым. Бул мен үчүн да, ал үчүн да күтүүсүз болду. Корккондон «Кечиресиз» деп коюп, ары чуркадым. Жолдо «болду, эми ал мени жумуштан чыгарат» деп ойлодум. Бирок эртеси эч нерсе болгон жок.
Президенттердин фотографы болуу кандай деп сурашканда, мен мындайча ой жүгүртөм: эгер мага сиз менен иштөө буюрса, демек, сизден кандайдыр бир жакшы, адамдык сапаттарды табышым керек. Азыр бул президент эмес, бул менин тартуу объектим. Ошондуктан мен аларды эч качан жагымсыз жагынан тарткан эмесмин. Кийин да, алардын беделине шек келтире турган сүрөттөрдү сурашса, менде андайлар жок деп жооп берчүмүн.
Плёнкадан санарипке өтүү сиз үчүн кандай болду?
Билесизби, алгачкы санарип фотоаппараттар чыкканда мен аларды көпкө чейин тааныган эмесмин. Топтук сүрөттөрдү карап, кадрдагылардын баарынын жүзү бирдей экенин көрчүмүн. Чыныгы турмушта андай эмес: бирөө сарыраак, бирөө кызылыраак. Ал эми плёнкада, мен ырастачумун, куюлган фотоэмульсия ар кандай жатат, ошондуктан кадр алда канча табигый көрүнөт. Жүздөр жансыз эмес, көркөм сүрөттөгүдөй жандуу. Биз жакшы фотографияны «Смена» менен да, эң мыкты фотоаппарат менен да, жада калса чылапчын менен да тартса болот, болгону ага тешик жасаш керек деп тамашалашчубуз (күлөт).

Камера-обскура (латын тилинен которгондо — «караңгы бөлмө») — линзаны колдонбостон, кичинекей тешик аркылуу сүрөттөлүштү тегиздикке түшүргөн эң жөнөкөй оптикалык түзүлүш.
Бирок убакыттын өтүшү менен баары бир санарипке өттүм — технология алга жылып жатса, мен эмнеге чылапчын менен тартышым керек? Тезирээк тартуу мүмкүнчүлүгүн эмнеге пайдаланбайм? Анын үстүнө Ак үйдө иштеп жүргөндө тартып, материалды басма сөзгө тез берүү керек болчу. Кээде коноктор менден сүрөт сурашчу, а плёнка түгөнүп калган болот. Бир нерсе тартып жаткансып калууга туура келчү.
Санарип технологиялар келгенде, мунун баарын колго жасаганыбызды эстөө абдан оор болду: мисалы, чакыруу билетиндеги тамгаларды оюп чыгаруу жана аларды боёо бир күн бою убакытты алчу. Көп сааттык түйшүктөн кийин баары ойдогудай чыкканына кандай сүйүнчүбүз. Азыр болсо принтердин баскычын басып койсоң жетиштүү (жылмаят).
Сиз Актан Арым Кубат менен кинодо көп иштедиңиз. Фотограф тартуу аянтчасында эмне кылат?
Актан Арым Кубат экөөбүз кошуна айылдарданбыз, бирок көркөм сүрөт окуу жайына өткөнгө чейин эч кесилишкен эмеспиз. Андан кыйла кийин, дээрлик 10 жылдан соң, ал мени чакырды: «Толук метраждуу фильм тартып жатам, сенин мени менен иштешиңди каалайм». Адегенде чочуп кеттим: эмне үчүн дал мен? Бирок кийин ойлодум: дебюттук фильмине иштөөгө чакырардан мурда ал жакшылап ойлонгон да. Ал убакта мен музейде иштеп, кесипкөй фотографтар үчүн «Зенит» дүкөнүндө жеке көргөзмөмдү өткөргөм. Ал жакшылап ойлонгон соң, менин милдетим эмнеде? Аны уятка калтырбоодо.
Бир жолу менден: «Фотограф кинодо эмне кылат?» — деп сурашты (күлөт). Оператор тартат, үн оператору үн жазат, режиссёр буйрук берет, а фотограф?
Фотограф эң алгачкы кадрларды жасайт. Локация тандоо — актёрлор ойной турган жерлердин баарын тартып чыгуу керек. Актёр тандоо — эгер актёрго, мисалы, арамза адамдын ролу сунушталса, мен ошону андан сууруп чыгышым керек. Актан жакынкы убакка чейин кесипкөй актёрлор менен иштеген эмес. Булар биз издеген ролду өз жашоосунда жашап жүргөн адамдар болчу, аларга образ ойлоп табуунун кереги жок эле. Тартуу процессин документтештирүү. Кийин ушул сүрөттөр менен Актанга мастер-класс өткөрүү абдан ыңгайлуу болду. Анан, албетте, биз дайыма премьеранын алдында фотоэкспозиция жасачубуз. Көрүүчү премьерага келип, афишаны, сүрөттөрдү көрүп, фильмдин өзүн көрө электе эле ага психологиялык жактан даяр болчу.
Ошентип Актан экөөбүз анын дээрлик бардык фильмдерин тарттык. Тартуу учурунда менде 100% эркиндик жана өз көз карашым бар эле, менин сүрөттөрүм кинокадр катары да жашай алмак. Бирок кээде кадрларды гана эмес, жашоону, кыймылды да тартып калгым келчү. Оператор Хасан Кыдыралиевдин тартканын карап, ага көз артчумун. Кийин баары бир бир нече оператордук ишим болду. Бирок оператордук иш Актан экөөбүздүн ортобузда көп түшүнбөстүктөрдү жаратчу, ал эми фотограф катары мага анын эч кандай дооматы жок болчу. Оператор болууну кыялданчумун, бирок фотографияны таштап коё тургандай деңгээлде эмес (жылмаят).
«Бешкемпир» фильми Францияда кеңири таанылган, аны бойго жетүү тууралуу көрүнүктүү фильм катары дайыма сунушташат. Кээде адамдар: «Бул уят да! Кыргыздарды мындай кылып көрсөтүүнүн эмне кереги бар?» — деп нааразы болушчу. Мен аны дайыма коргойм — Актан чындыкты көрсөткөн. Ар бир адам чоңойгон сайын башынан өткөрө турган нерсени. Эсимде, премьера учурунда Хасан экөөбүзгө француздар келип: «Уксаңар, силер ошол жакта жүрүп, кантип биз жөнүндө фильм тарттыңар? Биз да бала кезде ушундай кылчубуз да!» — деп сурашкан.
Мен үчүн чыныгы кино — бул жашоо. Эгер сценарий боюнча, мисалы, топозчуну тартсак, ал чын эле биз ага келгенге чейин топоз баккан адам болушу керек. Мейманканага жайгаштырып, топозчунун гримин жасап, ролду ойно деп койгон актёр эмес.
Кинону таанып-билгеним үчүн Актанга ыраазымын. Киного бир келсең, ага көпкө «ооруп» каласың дешет.
Сизди кыргыз фотографиясынын тарыхына кирген адам дешет. Таанууга жана сыйлыктарга кандай карайсыз?
Билесизби, бала кезимде буюмум аз болчу, бирок мен ага маани деле берчү эмесмин. Эсимде, мага жаңы туфли сатып беришкен: кара, лакталган. Мен болсо аларды кийип мектепке баргандан уялчумун, алар мага өтө эле жаркырак көрүнчү. Атайын чаңга булгап алып, ошентип жүрчүмүн. Балким, өтө көзгө урунуудан корккон ошол сезимден менин таанууга болгон мамилем өсүп чыккандыр — мен өзүмдү ошондой фотограф деп сезбейм. Кыргыз фотографиясынын тарыхына кирдим деп сезбейм.
Бирок көңүл буруу, сыйлыктар, жакшы айлык адамдын ички шыктануусу үчүн баары бир маанилүү деп ойлойм. Кимдир бирөө сага туура жолдо экениңди айтышы керек.
Эң маанилүү сыйлыгымды «Сорос-Кыргызстан» фондунун төрайымы Чынара Жакыповадан алгам, ал Кыргызстандын фотографтарын колдоо максатында сынак уюштурган. Ал сынакта мен гран-прини, 1000 долларды уттум. Бирок акчаны ошол бойдон алган жокпуз. Анткени Чынара Шаршеевна мындай чечкен: байгени акчалай алсам, эмне кылам? Аны керексиз жакка коротуп коём (күлөт). Мунун баары кыргыз фотоискусствосун өнүктүрүү үчүн болгон соң, байгемди Canon EOS 5 плёнкалуу фотоаппараты түрүндө алдым. Ал ошондо 1800 доллар турчу — байгенин баштапкы суммасынан дээрлик эки эсе көп.
Алгачкы күндөрү колумда мыкты камера бар экенин такыр сезген эмесмин. Бир күнү ушул сынакта биринчи орунду алып, бир класска төмөн камера алган Володя Пирогов келип: «Көрсөтчү!» — дейт. Менде өзгөчө суктануу жок экенин түшүнгөндө, аны сатууну сунуштады. Володя фототехниканы абдан жакшы түшүнөт, ошондуктан анын сөзүнөн кийин мага кандай мыкты камера тийгенин аңдай баштадым.
Сиз көп жылдан бери Көркөм сүрөт музейинде иштейсиз. Ал сиз үчүн эмнени билдирет?
Эмне үчүн ушунча жылдан бери бул жердемин? Балким, башында бул жакка өзүм тартпай калсам да, музей аркылуу живописке жакын болгонум үчүн келгендирмин. Менде көрүү, суктануу, сындоо мүмкүнчүлүгү бар болчу. Музейде иштөө мен үчүн маанилүү эле.
Мен музейди тартчумун, бизде өткөн бардык иш-чараларды тартууну улантып жатам, коллекциябызды санариптештирүү менен алектенем. Быйыл графиканын баарын санариптештирдик. Албетте, графика бөлүмүнүн башчысы Жыпаранын аркасы менен. Бул коркунучтуу эле — бул жерде канча миң графикалык эмгек бар! Азыр живописти санариптештирүүнүн үстүндө иштеп жатабыз. Бул, албетте, алда канча оор: сүрөттөрдүн баары ар кандай өлчөмдө, ар башка жерде, сүрөттү түшүрүп, тартып, ордуна коюу үчүн бир нече адам керек.
Музейде сүйүктүү эмгектерим барбы? Скульптуралардан сүйүктүүм — балерина Айсулуу Токомбаеванын фигурасы болсо керек. Сүрөттөрдөн мага Кожахметовдун «Фрунзенин отрядына» деген эмгеги жагат.
Музейдин сактоо жайына кирип, көргөзмөгө коюлбаган эмгектерди көрүп, ошондой эмгекти колго алганда, бул улуу нерсеге кол тийгизүү, ага аралашуу мүмкүнчүлүгү экенин сезесиң.
Азыр живописке кайтып жатасыз. Анда сизге эмне жакын?
Мага май боёк жөн сүртүлбөй, сүртүмдөр менен көлөмдүү болуп түшкөнү жагат. Окуп жүргөндө Репиндин, Суриковдун, Архиповдун тартуу манерасы жакчу… Аларды көчүрүүгө аракет кылган эмесмин. Живопись окугандардын көбү мугалиминин кол тамгасын кабыл алышарын байкайм. Бул жагынан менин жолум болду: армиядан кайткандан кийин кенже топко түшүп калдым, бул мени башында ыңгайсыз абалга калтырган. Бирок тобубуздун агайы Күлчоро Керимбеков ар бир постановкага милдет коюп, ал эми ошол милдетке кандай жол менен келериң аны кызыктырчу эмес. Ал буга кийлигишчү эмес, жыйынтыгында: 18 окуучу — 18 кол тамга.
Мүмкүнчүлүгүм болгондо живописти дээрлик 30 жылга таштабайт элем деп ойлойм. Ошондуктан азыр акырындап ага кайтууга аракет кылып, фотоаппараттан алыстап баратам. Балким, бул жан дүйнөм үчүн кылган иш бойдон калар. Бош убактымда досум Жакшыбектин устаканасына барууга аракет кылам, ал, менимче, живописке жана этюдга абдан чебер. Анын уруксаты менен айрым эмгектерин көчүрүп көрөм. Кээде ал мага устаканадан чыгып, этюд тартууга даярсың дейт. А мен чыгып, асманды көрөм, асфальтты көрөм да, кандай боёк тандарымды билбей калам (күлөт).
Фотография живописиңизге таасир эттиби?
Кээде бир саатка токтоп этюд тартууга мүмкүнчүлүгүм жок болгондо, этюдду ушундан карап бүтүрөм деген ой менен кадр тартып алам. Фотография менен ушунчалык көптөн бери алектенгендиктен, кадрды көрбөй коё албайм. А болочок сүрөттү көрүш керек. Бирок таза холст менен иштей албайм, тартылган кадрга таянышым керек. Бала кезимде шырдактын үстүндө камера менен ойноп жүргөн ошол учурда эле фотография мени өз кабыгына ороп алган, балким, андан жулунуп чыгуу керектир.
Фотограф болбосоңуз ким болмоксуз деп сурайсызбы? Фотосүрөтчү болмокмун деп ойлойм (жылмаят).
Балким, эң негизгисин баары бир айткан жокмун, анткени көп нерсенин жашоомдун бул бөлүгүнө тиешеси жок. Актан айткандай: «Мен кабатыр болбойм, мен жашап өтөм». Бул мен жөнүндө деп ойлойм. Жашоону жыл менен эмес, жасаган иштеримдин баары менен өлчөсө, мен бир нече өмүр сүрүп жаткан бир адаммын.