Кыргызстанда президенттикке талапкерлерди көрсөтүү аяктады — тизме

13.11.2026 | 10:05
Кыргызстанда президенттикке талапкерлерди көрсөтүү аяктады — тизме — Новости Кыргызстана

Кыргызстанда 13-ноябрда президенттик кызматка талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү аяктады. Шайлоого катышууга 11 адам талапкерлигин койгонун Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди.

Учурда талапкерлерди колдоп шайлоочулардын электрондук кол тамгаларын чогултуу уланууда. Ал 2026-жылдын 7-декабрына чейин созулат. Каттоодон өтүү үчүн ар бир талапкер кеминде 30 миң кол топтошу зарыл.

Каттоо үчүн зарыл болгон документтерди кабыл алуу 13-декабрга чейин уланат. Талапкерлер жана алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жетишпеген документтерди белгиленген тартипте тапшыра алышат.

Кыргызстандын президенттик кызматына талапкерлерди каттоо 2026-жылдын 23-декабрына чейин жүргүзүлөт. Шайлоо алдындагы үгүт иштери 2026-жылдын 24-декабрынан 2027-жылдын 26-январына чейин өтөт. Президенттик шайлоо 2027-жылдын 27-январына белгиленген.

БШКга арыз тапшыргандар:

12-ноябрь:
• Клара Сооронкулова;
• Мамбетжунус Абылов;
• Амур Айба Медер;
• Бакытбек Адылов.

11-ноябрь:
• Бактыбек Калмаматов.

10-ноябрь:
• Садыр Жапаров.

6-ноябрь:
• Исхак Масалиев.

4-ноябрь:
• Акай Кыдыров.

28-октябрь:
• Сыймык Жапыкеев.

27-октябрь:
• Азамат Эсенбеков.

14-октябрь:
• Аймен Касенов.

Scroll to Top