Ош шаарында 300 орундуу заманбап бала бакча ачылды

20.11.2026 | 17:54
Ош шаарында 300 орундуу заманбап бала бакча ачылды — Новости Кыргызстана
Ош шаарында 300 орундуу заманбап бала бакча ачылды — иллюстрация
Ош шаарында 300 орундуу заманбап бала бакча ачылды — контекст события
Ош шаарында 300 орундуу заманбап бала бакча ачылды — фото 4
Ош шаарында 300 орундуу заманбап бала бакча ачылды — фото 5

Ош шаарынын Сүрөттүү-Таш айылында №43 «Кызгалдак Бүчүр» бала бакчасы ачылды. Имаратта 12 тайпа уюштурулуп, 300 баланы кабыл алууга шарт түзүлдү. Бул тууралуу шаар мэриясы кабарлады.

Маалыматка ылайык, буга чейин айылда жаңы мектеп курулган. Ал эми анын бошогон эски имараты бала бакчага ылайыкташтырылып, капиталдык оңдоодон өткөрүлгөн. Буга чейин аталган бакча мектептин бир бөлүгүндө жайгашып, үч тайпада 65 бала тарбияланып келген.

Ачылыш иш-чарасына Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев, шаардык кеңештин депутаттары, билим берүү тармагынын өкүлдөрү жана жергиликтүү тургундар катышкан. Шаар башчысы мекемеге үч телевизор белек кылган.

Scroll to Top