ИИМ Тай-Мурас Ташиевге карата кылмыш ишин козгодуОштогу бүтпөй калган курулуш объектилерин Курулуш министрлиги аягына чыгаратДастан Бекешев депутаттарга уруксат берилген ишмердүүлүктүн түрлөрүн тактоону сунуштадыБаткенде 3 миңден ашык тургун таза суу менен камсыз болотЧолпон-Атада Нооруз майрамына карата көк бөрү боюнча мелдештер өтүүдөСтамбул шаарында Кыргыз киносунун күндөрү өтөт
Кыргызстан ичинде поезддердин жол киреси көтөрүлдү
17.06.2022 | 08:56
Кыргызстанда 17-июндан тарта республика ичиндеги жүргүнчүлөрдү ташуучу поезддердин жол кире акысы өзгөрдү. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынан билдиришти.
Билет баасы төмөнкүдөй болот:
Бишкек – Шопоков/Кант: Чоңдор үчүн 20 сом, балдар үчүн 6 сом;
Бишкек – Кара-Балта / Токмок: чоңдор үчүн 56 сом, балдар үчүн 20 сом;
Бишкек – Балыкчы: Чоңдор үчүн 150 сом, балдар үчүн 73 сом.
Беш жашка чейинки балдар үчүн жол жүрүү жана бир чоң жүргүнчүгө 36 килограмм кол жүгүн ташуу акысыз.
5-10 жаштагы жүргүнчүлөр балдар үчүн жол кире төлөшөт.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика