Акылбек Жапаров Казакстанды соода саясатын кайрадан карап чыгууга чакырды

Акылбек Жапаров Казакстанды соода саясатын кайрадан карап чыгууга чакырды

Кыргызстан менен Казакстанда эки тараптуу сооданы көбөйтүүгө бардык негиздер бар, ал үчүн өлкөлөр соода саясатын кайрадан карап чыгып, соода жана жүк транзити тармагында орун алып жаткан маселелерди чечүүсү керек.

Бул тууралуу Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Алматыда өтүп жаткан Туруктуу өнүгүү максаттары боюнча аймактык саммиттин алкагында Казакстандын өкмөт башчысы Алихан Смаилов менен жолукканда билдирди.

«Эки өлкөнүн мамлекет башчылары ортодогу соода жүгүртүү деңгээлин 2 млрд АКШ долларына жеткирүү милдетин коюшту. Бул милдет биз төрагалык кылган Өкмөттөр аралык кеңештин 10-жыйынынын жыйынтыгы боюнча протоколдо да чагылдырылган. Бизде эки тараптуу сооданы жогорулатууга бардык негиздер бар, ал үчүн соода саясатыбызды кайрадан карап чыгып, соода жана жүк транзити тармагында орун алып жаткан маселелерди чечишибиз керек», — деди Жапаров.

Казак-кыргыз чек арасында маал-маалы менен жүк ташуучу унаалардын кээде бир нече чакырымга созулган узун кезеги болуп турат. Көзөмөлдүн күчөтүлүшү эки элдин чыр-чатак бутасына айланып, эксперттер муну «соода согушу» деп атап жүрүшөт.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>