Алымкадыр Бейшеналиевдин ишин иликтөө боюнча комиссия ишин жыйынтыктады

Алымкадыр Бейшеналиевдин ишин иликтөө боюнча комиссия ишин жыйынтыктады

Президент Садыр Жапаровдун чечими менен түзүлгөн саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин ишмердүүлүгүн ар тараптуу жана көз карандысыз иликтөө боюнча комиссия өз ишин жыйынтыктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, комиссиянын ишинин жүрүшүндө аныкталгандай, Башкы прокуратура саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге карата жети кылмыш ишин козгогон. Алсак, 336-берене (коррупция) боюнча 1 кылмыш иши козголгон;

337, 339-беренелер (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу, атайылап пайдасыз келишим түзүү) боюнча — 4 кылмыш иши;

Ошондой эле 343-берене (опузалап пара талап кылуу) боюнча 2 кылмыш иши козголгон.

Комиссия саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин Кыргызстанда COVID-19га каршы эмдөөлөрдү жайылтуу тууралуу улуттук планды ишке ашыруу боюнча, коронавирус инфекциясына каршы иммундаштырууну уюштуруу жана жүргүзүү, анын ичинде коронавируска каршы вакциналарды сатып алуу, 2021-жылы чет өлкөлөрдөн гуманитардык жардамдардын (вакциналардын) келиши боюнча ишмердүүлүгүн иликтеди.

Мындан тышкары, комиссия Саламаттыкты сактоо министрлигиндеги иш кагаздарынын жүргүзүлүшүн жана кадрлар боюнча иштерди иликтеди.

КРнын Конституциясынын 57-беренесинин 1-бөлүгүнүн ченемине ылайык, ар бир адам анын күнөөсү мыйзамда каралган тартипте далилденмейинче жана мыйзамдуу күчүнѳ кирген соттун өкүмү менен аныкталмайынча, кылмыш жана/же жорук жасаганга күнөөлүү деп эсептелбестигин эске алуу зарыл.

 

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>