Ноокен районунда уруксат документтери жок ок атуучу курал ташуу фактысы аныкталды

Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда автоунаасы менен уруксат берүүчү документтери жок ок атуучу курал ташып жүргөн жаран аныкталды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы билдирди.
Мыйзам бузуу Шайдан участкасында аныкталган. Окуя болгон жерде тиешелүү материалдар толтурулуп, Укук бузуулар жөнүндө кодекске ылайык, аңчылык эрежелерин бузгандыгы үчүн жаранга 12 500 сом айып салынды.
Мындан тышкары, материалдар Ноокен райондук ички иштер бөлүмүнө өткөрүлүп берилди. Милиция ок атуучу куралга байланыштуу жагдайларга укуктук баа берип, мыйзам чегинде чечим кабыл алышы керек.
Рейдди Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын биологиялык ресурстарды көзөмөлдөө бөлүмүнүн кызматкерлери Жалал-Абад аймактык башкармалыгы менен биргеликте өткөрүштү.