Бишкекте сүрөтчү Жыргал Матураимовдун жеке көргөзмөсү ачылат

13-ноябрда Бишкек шаарындагы Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт искусство музейинде КРдин маданиятына эмгек сиңирген ишмер, сүрөтчү Жыргал Матураимовдун жеке көргөзмөсү ачылат. Бул тууралуу Маданият министрлиги билдирди.
Жыргал Матураимов С.А. Чуйков атындагы Көркөм сүрөт окуу жайынын окутуучусу. Ал 1955-жылы Ош облусунун Ак-Жар айылында туулган. 1974-жылы Фрунзедеги көркөм сүрөт окуу жайын, андан кийин Москвадагы Бүткүл союздук мамлекеттик кинематография институтун (ВГИК) аяктаган.
Сүрөтчү эмгек жолун «Кыргызфильм» киностудиясында баштаган, учурда живопись багытында иш алып барат. Анын эмгектери Кыргызстанда, Францияда, Орусияда, Кытайда, Түркияда, Иранда жана Казакстанда өткөн көргөзмөлөргө коюлган. 2005-жылы Париждеги Искусство шаарчасында стажировкадан өтүп, жеке көргөзмөсүн тартуулаган.