Садыр Жапаров президенттик шайлоого катышуу үчүн БШКга арыз бердиКасымалиев 14 жаштагы Амирдин өлүмүнүн жагдайларын текшерүүнү тапшырдыТашиев өспүрүмдүн өлүмүнөн кийин ӨКМ жетекчисинин аракеттерин текшерүүгө чакырдыАскер прокурору Кытайдын атташеси менен аскердик кызматташтыкты талкууладыЕвропадан Кыргызстанга велосипед менен келген саякатчылар Бишкекке жеттиАла-Тоо аянтына бийиктиги 32 метрлик башкы балаты орнотулууда
Садыр Жапаров президенттик шайлоого катышуу үчүн БШКга арыз берди
10.11.2026 | 16:37

Президент Садыр Жапаров 10-ноябрда Борбордук шайлоо комиссиясына президенттик кызматка өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин коюу тууралуу арыз берди. Бул тууралуу БШК билдирди.
10-ноябрга карата комиссияга президенттикке талапкерлигин көрсөтүү боюнча алты арыз түштү. БШКнын маалыматына ылайык, талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү 2026-жылдын 13-ноябрына чейин уланат.
Буга чейин өзүн-өзү көрсөтүү тууралуу арыздарды Аймен Касенов (14-октябрь), Азамат Эсенбеков (27-октябрь), жоюлган Финансы полициясынын мурдагы жетекчиси Сыймык Жапыкеев (28-октябрь) жана Акай Кыдыров (4-ноябрь) беришкен. Ошондой эле Исхак Масалиев да өзүн-өзү көрсөтүү боюнча арыз тапшырган.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат
Теги: Садыр Жапаров