«Яндекс Go» компаниясынын «Элдик гид» сынагына эмгектерди кабыл алуу 30-ноябрга чейин узартылды

«Яндекс Go» сервисинин «Шаарлар аралык» кызматы «Элдик гид» сынагына эмгектерди кабыл алууну 30-ноябрга чейин узартты. Калыстар тобу сынактын жыйынтыгын 7-декабрда чыгарат. Сынак Кыргызстандын популярдуу туристтик багыттарынан алыс жайгашкан, анча белгилүү эмес жана кооз жерлерине арналган.
Катышуучулар Instagramдагы ачык профилине өздөрүнүн сүйүктүү жери тууралуу Reels же сүрөттөр топтомун жарыялашы керек. Посттун сүрөттөмөсүнө пайдалуу кеңештерди (мисалы, кайсы жерде тамактанууга, түнөп калууга жана күндүн батышын кайсы убакта көрүүгө болорун) кошуп, геобелги же координаттарды көрсөтүп, #Ятут хэштегин жазып, @yandex.go.kyrgyzstan баракчасын белгилеп, ага катталуу зарыл. Жыйынтык чыгарылганга чейин жарыяны өчүрүүгө жана аккаунтту жабууга болбойт. Сынактын шарттарына ылайык, жер кадимки эле жай болушу мүмкүн, эң башкысы — ал автор үчүн маанилүү болушу керек.
Эң мыкты эмгектердин авторлору саякатка арналган үч чоң белектин бирин алышат. Анын ичинде жүк ташуучу араба, төрт орундуу үйлөмө чатыр, үйлөмө жаздыктары бар эки орундуу өзүнөн өзү үйлөнүүчү матрас, каремат, уктоочу кап, трекинг таяктары жана башка буюмдар бар. Дагы 10 катышуучу фирмалык белектерди жана «Шаарлар аралык» кызматы аркылуу сапарларга промокоддорду алышат.
Компания эске салгандай, «Шаарлар аралык» кызматы Бишкектен Балыкчы, Чолпон-Ата, Каракол, Токмок жана Кара-Балта шаарларына, ошондой эле Оштон Манас шаарына каттамдарды аткарат. Тиркемеден унаанын салонун толугу менен же бир нече орунду брондоого болот. Айдоочунун жана жүргүнчүлөрдүн өмүрү менен ден соолугу 800 миң сомго чейинки суммага камсыздандырылган.