Чолпон-Ата шаарында жаштар борбору ачылдыБишкекте өтө турган Азия кубогунун тандоо оюндарына Кыргызстандын U-17 курамы аныкталдыОш электр тармактары ишканасынын кампа башчысы электр зымдарын сатууга шектелүүдөАла-Арча жана Аламүдүн дарыяларынын жээгин бойлой монорельс куруу каралуудаКыргызстандыктардын күнүмдүк жашоосундагы жасалма интеллект жана санариптик технологияларБакытбек Адылов президенттик шайлоого катышуу үчүн БШКга арыз берди
Чолпон-Ата шаарында жаштар борбору ачылды
11.11.2026 | 17:11

Бүгүн, 11-ноябрда, Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында жаштар борбору ачылды. Бул тууралуу Маданият министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, борбордо шахмат, англис тили жана маалыматтык технологиялар (IT) боюнча ийримдер уюштурулган. Ал активдүү жаштардын демилгелерин колдоо, алардын долбоорлорун ишке ашыруу жана жаштардын башын бириктирүүчү аянтча катары кызмат кылат.
Борбор Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасынын (БУУӨП) жана Жаониянын Кыргызстандагы элчилигинин колдоосу менен курулган. Ачылышка Маданият министрлигинин Жаштар башкармалыгынын башчысы Бакай Кожомкул уулу катышкан.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом
Теги: жаштар, Чолпон-Ата