Тогузунчу талапкер: Амур Айба Медер президенттик шайлоого катышууга арыз берди

Бүгүн, 11-ноябрда, Амур Айба Медер президенттикке өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин коюу үчүн Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына (БШК) арыз берди. Бул тууралуу комиссиянын басма сөз кызматы билдирди.
Ачык булактардагы маалыматтар боюнча, Амур Айба Медер мунай продуктуларынан кайра иштетүү менен алектенген «БОйл» ЖЧКсынын жетекчиси болуп саналат. Анын жашы, иштеген иши тууралуу маалыматтар табылган жок.
Кыргызстанда президенттик шайлоо 2027-жылдын 27-январында өтөт. Өлкө башчылыгына талапкерлерди көрсөтүү тууралуу арыздарды кабыл алуу эртең, 12-ноябрда, аяктайт. Буга чейин президенттик шайлоого катышуу арызы менен БШКга сегиз жаран арыз берген. Алар: Аймен Касенов (14-октябрда), Азамат Эсенбеков (27-октябрда), Сыймык Жапыкеев (28-октябрда) жана Акай Кыдыров (4-ноябрда), Исхак Масалиев (6-ноябрда), Бактыбек Калмаматов, Бакытбек Адылов жана учурдагы президент Садыр Жапаров.