Бишкекте 98 грамм баңгизат менен 22 жаштагы жаран кармалды

10.11.2026 | 14:12
В Бишкеке задержали 22-летнего гражданина с 98 граммами наркотиков — Новости Кыргызстана

Бишкек шаарында синтетикалык баңгизаттарды жашыруу жолу менен сатууга шектелип 22 жаштагы жигит кармалды. Бул тууралуу шаардык ички иштер башкы башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, милиция кызматкерлери Жумабек көчөсүнөн «Kia K5» үлгүсүндөгү автоунааны токтотушкан. Унаанын салонунан салмагы 23,77 граммды түзгөн зат, ал эми жүк салуучу бөлүгүнөн салмагы 74,24 грамм болгон 30 ором табылган. Бардык алынган заттардын жалпы салмагы 98,01 граммды түзгөн.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесине ылайык кылмыш иши козголгон. Шектүү Бишкек шаардык ИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Учурда тергөө амалдары уланып жатканы айтылды.

Милиция баңгизаттарды таратууга же катууга тиешеси бар адамдар тууралуу маалыматтар болсо, 102 номерине билдирүүнү өтүнөт. Кайрылуулардын купуялуулугу сакталат.

Scroll to Top