Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолундагы көпүрөгө мурдагы министрдин ысымын берүү сунушталууда — долбоор

Кыргызстанда Бишкек — Нарын — Торугарт автожолунун 123-чакырымындагы Чүй дарыясы аркылуу өтүүчү көпүрөгө мурдагы транспорт министри Кыдырма Орозалиевдин ысымын ыйгаруу сунушталууда. Өлкөнүн транспорттук инфраструктурасын өнүктүрүүгө кошкон салымын түбөлүккө калтыруу максатында тиешелүү мыйзам долбоорун Министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик иштеп чыкты.
Негиздеме-маалымкатта белгиленгендей, Кыдырма Орозалиев Кыргызстандын автотранспорт жана жол курулуш тармагынын өнүгүшүнө зор салым кошкон.
Ал эмгек жолун автобазанын механиги болуп баштаган. 1962-жылдан тартып Кыргыз ССРинин Транспорт министрлигинин тутумунда иштеп, улук диспетчер жана автобазанын жетекчисинен министрдин орун басарына чейинки жолду басып өткөн.
1979–1987-жылдары Орозалиев Транспорт министрлигин жетектеген. Бул мезгилде анын түздөн-түз катышуусу жана демилгеси менен ири инфраструктуралык долбоорлор ишке ашырылган.
Атап айтканда, Нарын дарыясы аркылуу эки көпүрө, Бишкек — Нарын — Торугарт трассасынын 123-чакырымындагы Чүй дарыясы аркылуу өткөн көпүрө, «Манас» аэропортуна барчу автожол жана Бишкек — Чым-Коргон айланма жолу курулган.
Мындан тышкары, анын катышуусу менен Токмоктогу унаа оңдоо заводу жана Новопокровка айылындагы өндүрүштүк база реконструкцияланган, ошондой эле Ош жана Балыкчы шаарларында 250 автоунаага ылайыкталган жүк ташуучу автобазалар түзүлгөн.
Ардактуу эс алууга чыккандан кийин да Орозалиев мамлекеттик жана коомдук ишмердигин уланткан. Ал шаардык кеңештин жана Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган. Негиздеме-маалымкатка ылайык, учурда ал Ардагерлер кеңешин жетектейт.
Анара Мамытова