Кыргызстан менен Словения кино тармагында кызматташууну өнүктүрөт

Кыргызстан менен Словения кинематография тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүүнү көздөөдө. Бул тууралуу Маданият министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, Бишкекте маданият министринин орун басары Айбек Дайырбеков Словениянын Кыргызстандагы элчиси Аленка Сухадолник менен жолугушуп, ага Кинематография департаментинин өкүлдөрү да катышкан.
Жолугушууда эки өлкөнүн кино өкүлдөрүнүн ортосундагы кызматташтыкты арттыруу маселелери каралган. Ошондой эле Кыргызстанда Словения кино күндөрүн, ал эми Словенияда Кыргыз кино күндөрүн өткөрүү, эки өлкөдө уюштурулган эл аралык кинофестивалдарга катышуу жана тасмаларды биргелешип жаратуу мүмкүнчүлүктөрү талкууланган.
Мындан тышкары тасмаларды прокатка чыгаруу, анимациялык кинону өнүктүрүү жана кино адистеринин тажрыйба алмашуусун уюштуруу маселелери боюнча пикир алышуу болгон.