Катарлык дарыгерлер Кыргызстанда угуусу начар 28 балага операция жасашты

10.11.2026 | 14:33
В Кыргызстане врачи из Катара прооперировали 28 детей с нарушениями слуха — Новости Кыргызстана

5-9-ноябрь күндөрү Улуттук эне жана баланы коргоо борборунда Катар мамлекетинен келген дарыгерлер тобу угуусу начар балдарга кохлеардык имплантация боюнча кайрымдуулук операцияларын жасашты. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, дарыгерлер текшерүүдөн 35 бала, анын ичинен 28ине кохлеардык имплант орнотулган. Ал эми калган балдарда КРВИ, отит сыяктуу операция жасоого болбой турган убактылуу каршы медициналык көрсөтмөлөр аныкталган. Мындан тышкары, эки балага ата-энелеринин эсебинен дагы бирден кошумча имплант коюлуп, жалпы 30 операция жасалган.

Министрлик операция учурунда жана андан кийин да балдарда эч кандай оорлошуулар катталбаганын билдирди.

Министрлик 2021-жылдан 2026-жылга чейин Кыргызстанда угуусу начар балдарга жалпы 286 кохлеардык имплант орнотулганын кошумчалады.

Scroll to Top