Банктар сентябрда курулушка 12,3 миллиард сомдук насыя берди

2026-жылдын сентябрында коммерциялык банктар курулушка 12,3 миллиард сомдук жаңы насыя берди. Бул тууралуу Улуттук банктын статистикасында айтылат.
Августта курулушка 3,1 миллиард сом, 2025-жылдын сентябрында 1,2 миллиард сом берилген. Сентябрдагы көлөмдүн 11,7 миллиард сому улуттук валютада, 0,6 миллиард сому чет өлкөлүк валютада берилди.
Сентябрда банктар жалпысынан 63,4 миллиард сомдук жаңы насыя берди. Эң көбү – керектөө кредиттери: 25,1 миллиард сом. Курулуш экинчи орунга чыкты, соода жана коммерциялык операцияларга 11,7 миллиард сом берилди.
Андан ары ипотека – 4,7 миллиард сом, айыл чарба – 3,4 миллиард сом, башка багыттар – 3,1 миллиард сом, транспорт – 1,4 миллиард сом, социалдык кызмат көрсөтүүлөр – 0,9 миллиард сом жана өнөр жайы – 0,7 миллиард сом турат. Даярдоо жана кайра иштетүүгө 87,8 миллион сом, байланышка 7,8 миллион сом берилди.