GTA 6 чыкты: оюн Metacritic сайтында 100дөн 99 балл алды

Rockstar Games компаниясы Grand Theft Auto VI оюнун PlayStation 5 жана Xbox Series X|S үчүн чыгарды. Расмий чыгуу күнү – 19-ноябрь. Оюнга жетүү аймактар боюнча, өлкөдө жергиликтүү убакыт боюнча түн ортосу болгондо ачылат, ошондуктан оюнду биринчилерден болуп Жаңы Зеландиянын тургундары ойной алышты.
Ар кайсы өлкөлөрдө оюнга жетүү ачылган убакыт (Бишкек убактысы менен):
- Жаңы Зеландия – 18-ноябрь, 17:00;
- Индия – 19-ноябрь, 00:30;
- Түркия – 19-ноябрь, 03:00;
- Польша – 19-ноябрь, 05:00;
- АКШ – 19-ноябрь, 11:00.
Ошол эле учурда алгачкы баалар да белгилүү болду. Metacritic агрегаторунда GTA VI профилдик басылмалардын 98 рецензиясынын жыйынтыгы боюнча 100дөн 99 балл алды. Сынчылар биринчи кезекте Вайс-Сити шаары жайгашкан Леонида штатынын кылдат иштелип чыккан ачык дүйнөсүн жана башкы каармандар Джейсон менен Лусиянын ортосундагы мамиле тарыхын белгилешүүдө. Кемчиликтердин катарында атышуулар, куралды тандоо дөңгөлөгүнүн ыңгайсыздыгы жана айрым баглар аталды.
Оюндун чыгышы PlayStation Network кызматындагы үзгүлтүк менен коштолду. 18-ноябрда UTC убактысы боюнча саат 18:00 чамасында колдонуучулар тармакка кирүүдө, оюндарды ачууда жана тармактык функцияларда көйгөйлөргө туш болушту. Себеби катары оюнду ачууда лицензияларды онлайн текшерүүнүн массалык мүнөзү аталууда. Болжол менен 45 мүнөттөн кийин кызматтын иши калыбына келди.
Оюн үчүн 212 ГБга чейин бош орун, ал эми PS5те 14.23 же андан жаңы системалык жаңыртуу керек. ПК үчүн версия расмий түрдө жарыялана элек, оюндун тармактык режими азырынча жок.
GTA V 2013-жылдын 17-сентябрында чыккан, башкача айтканда, уландысын 13 жылдан ашык күтүүгө туура келди.