Амир Кунакуновдун өлүмү: ӨКМде мыйзам бузуулар аныкталып, кылмыш иши козголду

Кыргызстанда «Ала-Арча» жаратылыш паркында 14 жаштагы Амир Кунакуновдун каза болушунун чоо-жайын текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин үч жетекчиси ээлеген кызматтарынан бошотулду. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.
Буга чейин өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаевге катуу сөгүш жарыяланганы кабарланган.
«КР Президентинин администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдеринин аткарылышын контролдоо башкармалыгы издөө-куткаруу иштерин уюштурууда, ыкчам чара көрүүдө, маалымат алмашууда жана ӨКМдин бөлүмдөрүнүн аракеттерин координациялоодо олуттуу кемчиликтерди аныктады», — деп айтылат маалыматта.
Атап айтканда, кырсык тууралуу маалымат тиешелүү бөлүмдөрдүн жетекчилигине өз убагында жеткирилген эмес. Ошондой эле нөөмөт кызматтары менен куткаруучу топтордун ортосунда жетишсиз байланыш, издөө иштерин уюштуруудагы кемчиликтер жана ведомстволук көзөмөлдүн чабалдыгы аныкталган.
Текшерүүнүн жыйынтыгы менен төмөнкүлөр ээлеген кызматтарынан бошотулду:
- өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Алмазбек Асанов;
- ӨКМдин Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун башчысы Азис Эгембердиев;
- ӨКМдин Куткаруучуларды даярдоо боюнча мамлекеттик борборунун башчысы Тынарбек Мурашов.
Мындан тышкары, Кыргызстандын Аскер прокуратурасы шалаакылык фактысы боюнча кылмыш ишин козгоду.
Тергөөнүн алкагында ӨКМдин жооптуу кызматкерлеринин аракеттерине жана аракетсиздигине укуктук баа берилет. Тергөө өспүрүмдү куткаруу үчүн көрүлгөн чаралар канчалык өз убагында жана толук аткарылганын аныкташы керек.
Эске салсак, 7-ноябрда саат 19:02де 14 жаштагы Амир Кунакунов 112 бирдиктүү өзгөчө кырдаалдар номерине чалып, тоодон түшүп келе жатып адашып кеткенин кабарлаган.
9-ноябрда куткаруучулар «Ала-Арча» жаратылыш паркындагы «Электро» чокусунун аймагынан өспүрүмдүн сөөгүн табышкан.
Бул трагедиядан кийин өлкө жетекчилиги окуянын чоо-жайын жана куткаруу кызматтарынын аракеттерин текшерүүнү тапшырган.