Кыргызстанда быйыл 2,3 млн тоннадан ашуун дан эгини жыйналды

Кыргызстанда 2026-жылдын түшүмүн жыйноо иштери жыйынтыкталып, күздүк себүү иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.
Мекеменин маалыматында, бул жылы өлкө боюнча 617,7 миң гектар аянтка айдалган дан эгиндери толук жыйналып, түшүм 2 млн 386 миң тоннаны түздү. Анын ичинде буудай 742,5 миң тонна, арпа 644,6 миң тонна, жүгөрү 896 миң тонна жана чанактуулар 81,9 миң тонна болду.
Ошондой эле аймактарда картошка жана жашылча-бакча өсүмдүктөрүн жыйноо аяктады. Картошкадан 1 млн 80,5 миң тонна, жашылчалардан 967,1 миң тонна жана бакча өсүмдүктөрүнөн 245,3 миң тонна түшүм алынды.
Ал эми кант кызылчасы жалпы 12 миң гектар жерден жыйналып, түшүмдүн көлөмү 504 миң тоннаны түзгөн. Мындан тышкары 19,2 миң тонна пахта, 17,3 миң тонна май өсүмдүктөрү жана 0,95 миң тонна тамеки жыйналган.
Министрлик азыркы тапта күздүк себүү иштери уланып жатканын билдирди. План боюнча белгиленген 200 миң гектар жердин 75,45 миң гектарына (37,7%) эгин себилген. Анын ичинде күздүк буудай 71,8 миң гектарга, күздүк арпа 2,9 миң гектарга себилген.