Ысык-Көлгө куйган дарыяларга 582 миң форель чабактары коё берилдиПара талап кылууга шектелип мурдагы судья кармалдыОш шаарындагы Увам жана Жекелик каналдарынын кооптуу жээктери тосулатСадыр Жапаров Жакынкы Чыгыштагы кырдаал боюнча билдирүү жасады13-мартка карата аба ырайыЖергиликтүү бийликтерге митингдер өтө турган жерди аныктоо укугун берүү сунушталууда
УКМК издөөдө жүргөн чет өлкөлүк жаранды кармады
27.02.2023 | 16:13
Кыргызстанда издөөдө жүргөн чет мамлекеттин жараны кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, УКМК тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 358-беренесинин 1-бөлүгүндө (Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасынан мыйзамсыз өтүү) каралган кылмыштын белгилери боюнча Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында жүргүзүлүп жаткан ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө чет мамлекеттин 1990-жылы туулган С.Х.А. аттуу жараны кармалды.
Кармалган адам Уюшкан кылмыштуу топтун курамында баңгизатын мыйзамсыз жүгүртүү менен алектенип, оор кылмыш жасагандыгы үчүн чет мамлекеттин аймагында издөөдө жүргөн.
Учурда УКМК тарабынан зарыл болгон тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз