Сузактын мал базарындагы мушташ: Издөөдө жүргөн төрт адам кармалды

Сузактын мал базарындагы мушташ: Издөөдө жүргөн төрт адам кармалды

Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы мал базарда мушташка катышууга шектелип, издөөгө алынган алты жарандын төртөө кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, милицияга Кызыл-Туу айыл аймагынын 48 жаштагы тургуну арыз менен кайрылган. Ал арызында билдиргендей, 3-февраль күнү болжол менен саат 16:00да Мундуз айылындагы мал базарда эки бир тууганын жана өзүн, сырттан тааныш болгон Абдулла, Абдыкалык, Абдумалик, Иса жана аттары белгисиз болгон 3 адам менен көптөп сабашып, көзүнө таш менен урган.

Натыйжада алар денелеринен алган жаракаттарынан улам Жалал-Абад облустук ооруканасына жаткырылышкан.

Бул окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (Бейбаштык) боюнча кылмыш иши козголгон.

Бул иш боюнча 4-февралда Таш-Булак айыл аймагынын 29 жаштагы Т.А. аттуу тургуну кармалып, бир айга камакка алынган.

Андан тышкары, милиция тарабынан бул окуяга катышкан алты жарандын өздүктөрү такталган. Бирок жүргөн жерин жашырып, кайда экендиги белгисиз болуп жаткандыгына байланыштуу аларга издөө жарыяланган жана сырттан айыптары угузулуп, Сузак райондук соту сырттан камакка алуу чечимин чыгарган.

23-февралда издөөгө алынган шектүүлөрдүн бири 27 жаштагы М.А.у кармалган. 26-февраль күнү Сузак райондук сотунун чечими менен ал эки айлык мөөнөткө үй камагына алынган.

Ошондой эле, аталган иш боюнча издөөдө жүргөн 38 жаштагы С.А., 33 жаштагы С.Б. жана 32 жаштагы А.А. кармалып, убактылуу кармоочу жайга камалган.

Учурда тергөө амалдары улантылып жатат.

Видео: Сузактагы мал базарда мушташ чыкты. Алты адам издөөдө

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>